Алматыдагы атышуудан кийин шаарда антитеррордук операция башталды

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлматыда антеррордук операция
Алматыда антеррордук операция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында бир полиция кызматкери каза болуп, бир нечеси жаракат алган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Алматыда антеррордук операция жүрүп жатканын шаардын Ички иштер департаментинин маалымат кызматы билдиргенин Новости-Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Ошондой эле, полиция элди көчөгө чыкпоону суранууда.

"Сыртка чыкпоону жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз. Шектүү жарандар тууралуу укук коргоо органдарына дароо маалымдоону суранабыз. Укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлеринин аракетине түшүнүү менен аракет кылууну өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта. 

Андан сырткары бүгүн эртең менен социалдык тармактарда Алмалы РИИБдин аймагында да атышуу болгону маалымдалган. Күбө интернетке полиция тарапка ок чыгарып жатат делген киши тартылган видеону интернетке чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0