Төрага Жээнбеков Жапониянын Императору Акихито менен жолугушту

© Фото / Пресс-служба ЖК КРЖээнбеков Император Акихито жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Жээнбеков Император Акихито жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн Чыгыш өлкөсүнө болгон сапарында ЖК төрагасы алар берип жаткан жардам демократияны өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык секириктерге таасир берерин айтты.

БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Жапониядагы иш сапарынын алгачкы күнүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду Жапониянын Императору Акихито кабыл алды. Маалыматты ЖКнын басма сөз кызматы таратты. 

Спикер Жээнбеков Императорго Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү маселелерине жеке өзү көңүл буруп жатканы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын айтты. 

"Кыргыз Республикасы үчүн Жапония менен кызматташуу артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз Жапониянын Кыргызстанды өнүктүрүүгө катышуусун жогору баалайбыз. Берилип жаткан жардамдар биздин өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган", — деди Жээнбеков. 

Жапониянын улуттук биримдигинин символу катары жапон калкынын биримдүүлүгүн бекемдөө жаатындагы Императордун ролун баса белгилеген төрага Жээнбеков Император Акихито менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн биздин өлкөгө иш сапар менен келип, Кыргызстан эли менен жакындан таанышуусу үчүн мүмкүнчүлүк табылаарына ишеним артаарын билдирди. 

ЖК төрагасы Жээнбеков Жапония Парламентинин Кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу боюнча Жапонияга иш сапар менен кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0