Кыргызстанды эмчи-домчулар каптайбы? Акысыз медицинаны жоюу боюнча 7 пикир

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке
Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда медицина акы алмайга толук өттү дейли. Мындай реформа саламаттык сактоо тармагын жаңы деңгээлге чыгара алабы же жакыр жашаган жарандардын ден соолугун начарлатабы? Бул туурасындагы пикирлер Sputnik Кыргызстандын "Эгерде..." рубрикасында.

Кыргызстандын мамлекеттик ооруканаларында эмгектенген врачтын маянасы өп-чап, ал эми бейтапканадагы жабдыктар совет убагын эске салат. Акы төлөнчү медицина өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын сактап кала алабы же бул чара кыргызстандыктарды эң маанилүү кызматтардан да арылтып, жагдайды андан ары курчутабы?

Бул суроо менен депутаттарга, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө, коомдук активист жана врачтарга кайрылдык.

Болжонгондой кооптуу деле эмес. Демилгени колдогондордун жүйөсү

Акы алууга толук өтүүдөн кача албастыгыбызды Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов айтат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов
Депутат Сайдулла Нышанов - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов

"Бул өңдүү сунуштар канчалык сынга алынбасын, башка арга жоктугун моюнга алууга тийишпиз. Кыргызстанда келечекте врачтардын кызматына акы алынышы абзел. Антпесе, өлкөдө түзүгүрөөк доктурлар калбайт, алар он эсе көп төлөгөн жактарга жер которушат", — деп эсептейт ал.

Эл өкүлү Түштүк Кореяны мисал келтирет, медицинасы акы алууга өткөндөн көп өтпөй бул тармагы үлгү болорлук деңгээлге көтөрүлгөн.

Мамлекеттик бюджетке үмүт артып болбойт, башка рычагдарды пайдалануу зарыл деген пикирди Улуттук госпиталдын хирургу Элзар Токтоназаров билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын хирургу Элзар Токтоназаров
Эльзар Токтоназаров - хирург  - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын хирургу Элзар Токтоназаров

"Акы алынчу медицина — баарыбыз элестеткендей жаман деле нерсе эмес. Адамдар медициналык кызматтар үчүн ансыз деле чөнтөктөрүн бошотуп келишет. Эгер мамлекетик ооруканалар менен жеке клиникалардын ортосунда таза атаандаштык болсо, баа да төмөндөй баштайт", — деп белгиледи врач.

Вакцинация против гриппа в Калининградской области - Sputnik Кыргызстан
Аалиев: инфекциялык ооруканада орун жок, үч бала реанимацияда
Хирургдун айтымында, мамлекеттик ооруканалардагы медиктердин арзыбаган маянасы алардын аракетин актабайт.

"Мамлекеттик ооруканалардагы дарыгер кеңеш бергени үчүн 33 сом алат. Бул дээрлик он жыл окуп, андан ары тажрыйба топтоп, дасыккан адис үчүн адилеттүү иш эмес. Жеке клиникада доктурдун ошондой эле киши көрүүсү үчүн 300-1000 сомдун тегерегинде акы белгиленген. Бааны рыноктун деңгээлине жараша жөнгө салуу зарыл", — деди Токтоназаров.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Айбар Султангазиев белгилегендей, акы коюлган медицинага өтүү — мезгилдин талабы.

"Акырындап биз толук акы алынган медицинага өтөбүз. Мыйзамсызбы, же мыйзамга ылайыкпы, баары бир оорукана жана бейтапканаларда көрсөтүлгөн кызматтардын акысын төлөөгө тийишпиз. Анткени мамлекет саламаттык сактоо тармагынын бардык муктаждыктарын камсыздоого жөндөмсүз. Калктын социалдык аяр катмарын — балдар жана пенсионерлерди коргоо менен бул процесске мыйзамдуу мүнөз берүү зарыл", — деди ал.

Султангазиевдин пикиринде, акы алынчу медицина ооруканалардагы мыйзамсыз төлөмдөрдү туура багытка сала алмак.

Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чачтарач-медайым, таксист-милиционер. Бир эмес, эки жерде иштеген мамкызматкерлер
"Ала кушту атынан атайлы, медицинабыз эбак эле акы алмайга өткөн. Оорукана, лаборатория жана бейтапканаларга келгенде кыргызстандыктар акы талап кылынарын жакшы билишет. Эгер андай көмүскө төлөмдөрдү мыйзамдаштырганыбызда медицинаны өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат жумшай алмакпыз. Бирок мындай төлөмдөр анчалык деле жогору эмес, акы алынчу медицинада коюлган баалар менен ат салыша алары арсар", — деп белгиледи Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү.

Ошондой эле ал андай реформа кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүн медициналык кызматтарды ала албай тургандай абалга кептейт, ошондуктан акы алуу форматын акылга сыярлык өлчөмдө камсыздандыруу төлөмдөрү түрүндө киргизүү керектигин кошумчалады.

Эмчи-домчу, көз ачыктар баш көтөрөт. Демилгеге каршы чыккандар

Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина бул демилге ишке ашырылса, кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн медициналык жардам алууга чама-чаркы жетпей калат деп кооптонот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина
Депутат Жогорку Кенеша Альфия Самигуллина - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина

"Өлкөбүздүн калкынын көп пайызы жакыр турат же ошого чукул деңгээлде күн кечирет, доктурга көрүнүүгө алар кайдан акча ашыра алат? Анан да медициналык жардам көрсөтүүнү кеңейтүүнү көздөгөн келишимге кол койгон жайыбыз бар. Көпчүлүгү өз капчыгы үчүн иштеп, бюджетке тийиштүү каражатты которбостон анык кирешесин жашырып жатса, аны кантип кеңейте алабыз?" — деп суроо салат парламентарий.

Мындай демилгенин тобокелдиктерин КР Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова да белгилейт. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевКР Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова
Пресс-конференция Скорая нуждается в помощи — о проблемах экстренной службы - Sputnik Кыргызстан
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова

"Алыскы аймактардагы элдин турмушунан кабардарсыздар. Эгер алар негизги медициналык кызматтарды ала албаса, бул жагдай көмүскө бизнестин өрчүшүнө алып келет: тиш жулуп, кош бойлуулукту токтоткон чала сабат табыптар, көз ачык жана үйүндө кабыл алган адистер баш көтөрөт", — деп чочулады Баялинова.

Акы төлөнчү медицина жаатында бул тармакты бүтүндөй реформалоодон кийин гана кеп козгоо оң деген пикирде Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Евгения Строкова. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова
Депутат Жогорку Кенеша Евгения Строкова  - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова

"Ооруканалардагы кызмат үчүн акы төлөөгө ансыз деле көнүп калдык. Ошентсе да алдын ала даярдыксыз түп-тамырынан бери ийгиликтүү реформалай аларыбызды элестетүү кыйын. Адегенде арзыбаган пенсия жана жумушсуздук көйгөйүн чечип алып, андан соң гана акы алына турган медицинадан ооз ачканыбыз дурус", — деп эсептейт эл өкүлү.

Медицинаны өнүктүрүүгө каражатты кайдан алуу керек?

Медицинаны өнүктүрүүгө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна (ММКФ) бөлүнгөн төлөмдөр көмөк боло аларына ынанат Айбар Султангазиев. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицинаны өнүктүрүүгө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна (ММКФ) бөлүнгөн төлөмдөр көмөк боло аларына ынанат Айбар Султангазиев
Глава общественного совета Минздрава Айбар Султангазиев - Sputnik Кыргызстан
Медицинаны өнүктүрүүгө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна (ММКФ) бөлүнгөн төлөмдөр көмөк боло аларына ынанат Айбар Султангазиев

"Бир кыргызстандыктын кирешесинен медицинага болгону эки гана пайыз бөлүнөт. Эч бир өлкөдө мындай эмес! Бир миллион жаран камсыздандыруу төлөмүн которбойт, алардын бир бөлүгү миграцияда. Бирок дарылануу үчүн баары бул жакка келет", — деди КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы.

Депутат Евгения Строкова да ушундай эле пикирде.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаным көзүмө көрүнүп турса эмне кылам? Бишкектеги ооруканалардын дайын-дареги
"Ушул тапта ММКФке которулган төлөмдөр болбогон тыйын, ал элдин муктаждыгын жаба албайт. Маселен, эстондор 13 пайыз төлөшөт экен! Анан калса, маянасынан өз үлүшүн калктын аз гана бөлүгү которот, ал эми калганы жөн эле андан пайдаланат," — деп кошумчалады ал.

Мамлекеттик бюджетти туура бөлүштүрүү — кай бир жерден каражатты сарамжалдап, оорукана, врачтар жана бейтаптардын муктаждыктарына жумшоо менен медицинаны бутка тургузууга болот деп эсептейт Елена Баялинова.

"Индия жана түрк клиникаларына болгон иш сапарлар эске түшөт. Ошол эле Индияда жардылардын саны көп, бирок жогорку сапаттагы кызматтан байлыгы жок адамдар да пайдалана алат. Бул кандайча ишке ашырылган? Аталган өлкөлөрдө каржы саламаттык сактоонун пайдасына бөлүнөт. Жарды жарандар медициналык көмөксүз калбайт, бул үчүн атайын камсыздоо моделдери бар", — деп белгиледи ал.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Миллиондордун башын жеген ден соолук программалары. Акча кайда сарпталган?
Баялинова кошумчалагандай, бул тармакка салынган каражат эч качан жетишерлик болбойт, себеби медицина дайым алдыга жылып турат. Анын пикиринде, мамлекеттик кепилдиктер программасына карабастан, көптөгөн жогорку технологиялык кызматтар кыргызстандыктарга дале жеткиликсиз бойдон калууда.

"Кыргызстан дүйнөдө акысыз медицинаны сактап кала алган аз сандагы өлкөлөрдүн бири катары дайым мактанып келгенбиз. Бирок эгер Казакстан менен Россияда көптөгөн оор операциялар мамлекеттин эсебинен жасалып келсе, анда кыргызстандыктар өмүрүн сактап калуу үчүн там-ташын сатууга аргасыз", — деди ал.

Бюджеттин акчасын үнөмдөө үчүн медициналык жабдыктарды сатып алуу процессин жөнгө салуу керектигин "Өмүргө үмүт" коомдук бирикмесинин төрагасы Уран Ибраимов билдирет. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков "Өмүргө үмүт" коомдук бирикмесинин төрагасы Уран Ибраимов
Глава общественного объединения Надежда на жизнь Уран Ибраимов. - Sputnik Кыргызстан
"Өмүргө үмүт" коомдук бирикмесинин төрагасы Уран Ибраимов

"Аппарат жана дары-дармекти тендер аркылуу сатып алуу алда канча кымбат түшөт. Аларды түздөн-түз өндүрүшчүдөн же абройлуу эл аралык уюмдар аркылуу алдыруу зарыл. Ошондо биз казынабыздагы бир топ каражатты сактап кала алмакпыз да кийин калктын муктаждыгын жоюуга жумшамакпыз", — деп сунуштады ал.

Хирург Элзар Токтоназаров көйгөйдү жеке медициналык кызматтарды өнүктүрүү менен чечүүгө болорун айтат. Доктурдун пикиринде, жагдайды оңдоого жолго салынган мамлекеттик буюртма жардамга келет.

Эне жана баланы коргоо борборунундагы ымыркай - Sputnik Кыргызстан
Шакшак коюлган наристе, томуктун өсүшүн күткөн ата-эне. Ортопед илдет тууралуу
"Жеке клиникалар диспансерлештирүүнү колго алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш, мамлекет калк менен иштөөнү менчик медициналык мекемелерге да тапшырып, алардын бааны төмөндөтүшүнө, ал эми мамлекеттик ооруканалар болсо калкты тейлөө сапатын жогорулатуусуна жетишүү зарыл", — деди ал.

Кардиологиялык борборлордун мисалында Елена Баялинова жеке клиникалар медициналык кызматтардын акысын азайтууга кантип көмөктөшө аларын түшүндүрүп берди.

"Бүт өлкө боюнча жеке кардиологиялык борборлор ачыла баштады. Мунун артыкчылыгы эмнеде? Адеп мындайда кыргызстандыктарга текшерүү жана жүрөк ооруларын алдын алуунун жеткиликтүүлүгү артат. Экинчиден, бул баанын төмөндөшүн өбөлгөлөйт, атаандаштык шартында борборлор өз тарифтерин кайра карап чыгууга аргасыз болот", — деп түшүндүрөт тийиштүү министрликтин кызматкери.

Ал кошумчалагандай, жеке тармак өрчүп келе жатат, анын үлүшү бүгүнкү күндө 10 пайызга жетти.

Баса, биздин медициналык колумнист Эркингүл Койбакованын айрым кыргызстандык бейтаптардын кылыктары туурасында жазгандарын окуган белеңиз? Бул макалага көз жүгүрткөн соң кээ бир мекендештерибиздин айынан жүзүбүз кызарбай койбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0