Коом
© Фото / Айтыш фильм

Каза болгонуна 111 жыл. Курманжан датка тууралуу 13 факты

Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар

Азыркы технологиялардын күрөө тамырында турган "Википедия" маалымат булагы Курманжан датканын каза болгон күнү деп 1907-жылдын 1-февралын атады. Демек, мындан 111 жыл мурда кыргыз саясатында, дипломатиясында өз орду бар "Алай ханышасы" келбес сапарга кеткен.

Sputnik Кыргызстан Курманжан датка тууралуу 13 фактыны сунуштайт.

1. Курманжан Алайда эмес, Орокеде туулган. Көпчүлүк Курманжанды Алай жергесинде туулган, алайлык кыз деп түшүнөт. Ал эми факты андай эмес, ал Ош шаарынын эле кыбыла ыптасында жайгашкан Ороке деген айылда 1811-жылы туулган. Китептерде жазылып жүргөндөй атасы Маматбай итке минген кедей дале болгон эмес экен, мал-жандуу эле киши болуптур. Маматбайдын уруусу мунгуш, анын ичинен жапалак уругунан делет, Курманжандын кийинки күйөөсү Алымбек датка адигиненин баргы уруусунан.

2. Салтты сактабаган кыз. Курманжан он жетиге толгондо кудалашкан жерине – Жоош элиндеги Төрөкул бийдин уулу Кулсейитке беришет, бул кыргыз кыздары үчүн салт болгон, алар "Таш түшкөн жеринде…" деп ошол жерде түтүн булатып калган, башканы ойлогон эмес, ал эми Курманжан ата-бабанын ошол салтын бузуп, кыз башы менен качып келип, атасы Маматбайдын колунда дагы үч жыл жашап калат.

3. Датканын күйөөсү ири мамлекеттик ишмер жана чоң байлардын бири болгон. Курманжан 1832-жылы 21 жашында Алымбек даткага турмушка чыгат. Ошол Алымбек Асан бий уулу (1799-1862) Жакыпбек аталык салдырган Бухарадагы атактуу медреседе окуп, кийин Стамбулда да билим алып, Римге чейин барып, ал жерде төрт ай туруп, Кара деңиз аркылуу Россияга келип, 27 жашынан Кокондун ханы Мадалинин кызматына кабыл алынып, анын эң жакын кишиси – парваначысына чейин жеткен, 32 жашында хандыктын датка наамын алган да, азыркы Өзбекстандын Анжиян, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары караган Анжиян бектигине бек болуп жиберилген. Бектик менен кошо анын бүлөсүнө Курманжан кошулганда анын Кашкар, Ош, Анжиян, Кокон, Бухара шаарларында 160тан ашык соода дүкөндөрү, бул шаарларды бириктирип товар ташып турган кербендери болгон. Курманжан мына ушул бийликке жана байлыкка туш келүү менен өзүн Алымбек датканын жубайы гана эмес, кеңешчиси, акылгөйү катары да кызмат аткарган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курманжан датканын тарыхый-этнографиялык музейи. Алай району, Гүлчө айылы

4. Алымбектин өлүмү – Курманжандын колуна камчы карматты. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Алай элин жана жалпы кыргыздарды башкаруу милдетин эми Курманжан датка өз уулдары менен мойнуна алган. Анын кадыр-баркын жогору баалаган Кокон ханы Кудаяр, Бухар эмири Музаффар Эддин расмий жолугушууга келип, датка наамын ыйгарган. Ал наам ошол кезде ислам шариятына ылайыкталган бүтүм менен Бухара-и Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы катары берилген. "Датка" фарсий тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган, ага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Бул жолу тарыхта биринчи жолу аталган наам аял кишиге, болгондо да элетте турган аял кишиге ылайык көрүлгөн.

5. Алты уулу алты шаар эле. Курманжан Алымбек датка менен 1862-жылга дейре 29 жыл бирге жашады. Ал мезгилде алты уулдуу болду: Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек. Алымбек датканын уул-урпактары Баатырбек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек ал кишинин көзү өткөндөн кийин Анжияндан Кашкарга чейинки азыркы Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Кара-Суу, Араван, Алай райондорунун, Ош шаарынын аймагында бийлик башчылары болуп келген.

6. Жеңилүү жана качуу. Курманжан датка тууралуу ал орустарга "колтук ачып, баш калкалаткан" адам катары түшүнгөндөр бар. Бирок тарых башкача: кыргыздарды 1876-жылы Гүлчөгө жакынкы Жаңы-Арыкта орус аскерлери жеңип чыккан соң тарых башка нукка өзгөрүп, Ак падыша менен тынчтык келишим түзүүгө Курманжан датка мажбур болот. Дагы кайталап айталы, мажбур болгон! Башка жол калган эмес. Ал качат, орустардан качат. Адегенде Эркеч-Тамдан Кашкарга ооп кетет, ал жактан дале коркунучтан арыла албайт, ошондо Афганистандын Улуу Памирине өтүп кетмекчи болот, бирок аларды жолдон орус аскерлери кууп жетип колго түшүрөт да Чоң-Алайда жаткан М.Скобелевдин лагерине алып келишет. Датка ошол абалда орустар менен аргасыз "дос" болушу керек эле. Башка жол жок болчу.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкек шаарындагы Курманжан датканын эстелиги

7. Курманжандын трагедиясы. Россия жеңип алган соң жер чегин тактап, чек ара орнотот. 1894-жылдын апрелинде орус-кытай чек арасын такташкан. Мурдалары келип-кетип жүргөн кытайлар, кытайлык кыргыздар эми орус аскерлеринин көзөмөлүнө туш келди. Мына ошол чек арадан Курманжан датканын балдары ары-бери өткөрүп, товар сатып турган, алардын бир катар шаарларда мата, зер буюмдарын, эт-сүт азыктарын, аң терилерин сатуучу дүкөндөрү болгон. Бир күнү эле чек ара эки мамлекетти бөлүп койгонун, алардын бажыканасы ачылганын жакшы түшүнгөн эмес, же түшүнсө да маани бербеген. 1883-жылы күздө Курманжан датканын уулу Камчыбектин зайыбы Асел айым бир топ аялдын жана кароолчу жигиттердин коштоосунда асыл буюмдарды, кездемелерди алып өтүп жатканда Бүлөөлүнүн чатында Эркеч-Там бажыканачылары тарабынан токтотулат жана түшүнбөстүктөр болуп, датканын келининин сандыктын ачкычтары байланган чачын кыркып койгондо төрт бажыканачыны, анын бири унтер-офицер Боровковду өлтүрүп салышат. Натыйжада ошол күнү ошол окуяга катышпаган, Ошто мейманкана куруп, Отуз-Адырда жерин карап жүргөн Камчыбек менен Акпалван энесинин жана элдин көзүнчө сыйыртмак дарга асылат, Мамытбек, Мырзапаяз, он экиге жаңы гана чыккан Арстанбек Сибирге айдалат. Датка 1896-жылында Баатырбегинен айрылат. Бул окуялар Курманжандын жүрөгүн жаралап, кегин кайнаткан.

© ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КР
8. Орус падышачылыгы менен түзүлгөн келишим. Тарыхтын барактарына түшүп калган факты: Орус падышачылыгы менен жергилик элдин бир пикирге келүү кагазына Курманжан датка кол коюп, тастыктаган. Ал шартнаама боюнча орус аскерлерине каршы куралдуу көтөрүлүшкө катышкан элди жазадан бошотуу, туткунга түшкөн кыргыз жигиттерин азат кылуу, туткунга, түрмөгө, сүргүнгө кеткен аскерлердин туулган жерине келүүсүнө каршы чыкпоо, алардын мал-мүлкүнө тийбөө, салыктарды азайтуу, жергиликтүү элдин укуктарын тепсебөө, алардын динине, үрп-адаттарына кийлигишпөө керек эле. Мына ушулар бузулуп, айрым бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери Курманжан датканын алданганын табалап да, ачык айтып да, сындап да атышкан. Аны кыраакы эне түшүнүп, ичтен эзилип да, каны кайнап да жүрдү. Ошондо анын "Кылычы сынып дат басып, кын калганга күйөмүн, кызыгы кетип куу дүйнө, чын калганга күйөмүн" деген арманын кайта-кайта кайталап турган.

9. Орус чиновниктеринин сыйы. 1881-жылы Түркстан аскер губернатору Фон Кауфман Россиянын аскер министри Д.Милютинге өтүнүч кат жазып Курманжан даткага Кашкар менен мамилени жөнгө салып тургандыгы үчүн өлкө казынасынан жыл сайын 500 рубль пенсия берип турууну сунуштайт, бирок каржы министрлиги анын ээлик кылган жерлери бар экен деп пенсиянын өлчөмүн 300 рублге түшүрөт. Курманжан даткага "Алай канышасы" деген атакты да орус чиновниктери берген, Фергана облусунун башчысы Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернаторлору Кауфман, Черняев, Духовский, Россиянын келечектеги аскер министри Куропаткин ж.б. таанымал адамдар менен сый болуп, белек-бечкек алышып-беришип турган. 1901-жылы 1-декабрда датка энеге император Николай II өзү асыл таштуу шакекти белекке берип жиберген.

10. Маннергеймди таң калтырган 96 жаштагы байбиче. 1906-жылы жайында Россиянын Алай экспедициясы Курманжан даткага жолугат. Анын курамында саякатчы, кийинки маршал жана Финляндиянын президенти болгон Карл Маннергейм да болгон. Ал датканын өзүн жана уулу Асанбекти сүрөткө тартып алат, а түгүл 96 жаштагы байбиче ат минип сүрөткө түшүп берет. Мына ушул фото биз үчүн жалгыз таберик буюм болуп калды.

11. Эстеликке айланган эне. Курманжан датканын эстелиги Гүлчө, Ош жана Бишкек шаарларында орнотулган. Оштогу эң чоң көчө да датканын атында. Анын ысымы менен Бишкек шаарында да ири көчөлөрдүн бири аталат. Кыргыз акчасынын 50 сомдук банкнотуна да анын сүрөтү түшүрүлгөн. "Курманжан Датка" ордени да негизделген. Курманжан датка атындагы сыйлык көптөгөн саясатчы айымдарга ыйгарылган.

12. Көркөм образга өткөн өмүр. Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Келкел" романында, Касымбеков менен Көчкөн Сактановдун пьесасында, Сооронбай Жусуевдин "Курманжан датка" деген ыр менен жазылган романында, Замир Эралиевдин "Тоо ханышасы" документалдык жана Садык Шернияздын "Курманжан датка" деп аталган көркөм фильминде, көптөгөн ыр-поэмаларда датканын бейнеси ачылып берилет.

© Фото / Курманжан Датка тасмасынан
"Курманжан датка" көркөм тасмасындагы Курманжан. Ролдо - актриса Элина Абай кызы

13. Датканын Сармазардагы кабыры. 1907-жылы 1-февралда Оштон он чакырымдай чыгыш жактагы Мады кыштаганда Курманжан датка акка моюн сунуп, анын сөөгү Оштун Сармазында коюлду. Бирок совет учурунда анын аты ашкере айтылбай, көрүстөнү да белгисиз болуп келсе, 180 жылдыгы жогорку шаң салтанат менен өтүп, "Алай канышасы" тарыхый баасын алды.