БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Панфилов районунун Чалдыбар айылынын жогорку зонасындагы жайыт жеринде 6 гектар аянтта зыянкеч чегирткелердин очоктору аныкталганын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, учурда эгинге коркунуч жок, аталган аймак департаменттин көзөмөлүндө турат. Ушул жумадагы жаан-чачын чегирткенин жайылышын жайлатканы белгиленди.
Азыркы тапта Чүй-Бишкек башкармалыгынын адистери тарабынан Курама айыл аймагынын жогорку зоналарында изилдөө жана мониторинг иштери улантылууда. Зарыл болгон учурда талаага дары чачылат, департаменттин атайын техникасы жана каражаты толук даяр.