Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында кезектеги жыйын өттү. Отурумда алгач 2025-2030-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылга карата аткарылган иштери тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы угулду. Мамлекеттик стратегия – 13 стратегиялык багытты жана 137 коррупцияга каршы иш-чараларды камтыган системдүү чаралардын комплексин түзөт, анда 40ка жакын мамлекеттик орган негизги аткаруучу болуп аныкталган. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылдын ичиндеги ишке ашырылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын бул багыттагы ишмердүүлүгү белгиленди. Андан соң отурумдун катышуучулары Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун карап, талкуудан соң бекитип беришти. Чечимдин максаты – Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө, аймакты жана жаратылыш ресурстарын учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгында коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу.
Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө (Түштүк магистралдан жогору) жайгашкан турак жай комплексиндеги премиум-класстагы батирлер октябрь айында ээлерине берилет. Бул тууралуу прораб Бектур Назаров билдирди. Мамлекеттик ипотекалык компания билдиргендей, азыр 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган. Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан алынган арматуралар пайдаланылган. Айрым блоктордо соңку этаптагы иштер жүрүүдө. Кээ бирлери үчүн орундар эми казылып баштап, пайдубалы курулууда.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Албаниянын элчиси Блерта Кадзадеж менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар маданият, музей ишин өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана жаштар саясаты боюнча кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле санариптик долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу маселелери боюнча макулдашууга жетишишти. Мамбеталиев албан тарапты 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргыз улуттук "Манас" театры тарабынан жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Сынак президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Сынакка өлкөнүн бардык облустарынан тандалып келген мыкты жаш манасчылар катышып, улуу "Манас" эпосун айтуудагы чеберчиликтерин көрсөтүштү. Кароо-сынак эки багытта — кыргыз жана чет тилдеринде өткөрүлдү.Сынак жаш манасчылардын өнөрүн баалоо менен бирге, улуттук маданий мурастын баалуулугун арттырууга жана аны муундан-муунга өткөрүүгө өбөлгө түздү.