БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Иранга жасалчу оор чабуулдар дагы алдыда. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын Bloomberg агенттиги жазды.
Ал АКШ мунайдын кескин кымбаттап кетишине чара көрө турган программаларды ишке ашыра баштаарын билдирген.
"Оор чабуулдар, сокку (Иран боюнча — ред.) али алдыда", — деген дипломат.
Ошону менен бирге ал АКШнын бул операциядагы башкы максатынын бири Тегерандын баллистикалык ракеталарын, ошондой эле аларды жасоо мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу деп айтты. Мындан тышкары, Рубио Иран флотунун кемелердин ары-бери эркин катташына жараткан коркунучун жоюу каралганын белгилеген.
Эске салсак, бүгүн Ормуз кысыгын жапкан Иран аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскертти.
Эксперттердин баамында, Ормуз кысыгын блокададан чыгаруу АКШ үчүн оңойго турбайт. Анткени Иран жээктеги тилкени көзөмөлдөп, кемелерге каршы ракеталары, дрондору, ылдам жүрүүчү катерлери жана деңиз миналарын коюу мүмкүнчүлүгү жакшы. Кысыктын тардыгынан улам каалаган кемелерге жээктен же асмандан чабуул оңой жасалат.
Басылманын жазганына караганда, АКШнын аскердик жактан артыкчылыгына карабастан алар жасай турган операция деңизди миналардан жапырт тазалап, жээктеги ракеталык комплекстердин "жаагын басууну", асмандан коргоп турууну талап кылат. Бул жагдайлар жаңжалды ырбатып, согуштун аймакта созулуп кетишине алып келет.
АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны кескин кыскарды. Ал эми камсыздандыруу системасында иштегендер коркунучтун күчөгөнүнө байланыштуу аскердик кошумча төлөмдү жогорулата баштаганын Maritime News порталы жазган.