23 градуска чыгат. Жума күнгө карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Эртең, жумада, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарын жергесинде 0...+5 градус болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош калаасында +18...+20 градуска чейин көтөрүлөт.
Былтыркыдан жылуураак болот. Март айына карата аба ырайы