"Периштем", "Жолугарым билгемин", "Сагынам тууган жер сени", "Түшүмө кирдиң түндө сен", "Сенин назик мээримиң", "Сен дайыма болчу менин жанымда", "Ак булут" деген керемет ырлар акын менен обончунун таланттарынын тогошуусунун жаралган. Ушунчалык бир жагымдуу обондорду жараткан залкар композиторду акындын поэзиясы эмнеси менен өзүнө багындырды экен деп ой жүгүртүп отуруп, ал киши тууралуу окурмандарга сөз кылып берүүнү эп көрдүк.
Анда акын жана котормочу Биримкул Алыбаев тууралуу 11 факт сунуш кылабыз.
Тексттерине эң көп обон чыгарылган акын. Биримкул Алыбаевдин 270 ырына обон жаратылыптыр, бул Сооронбай Жусуев, Турар Кожомбердиев, Анатай Өмүрканов сыяктуу акындардын катарында турат, балким, алардан да өтүп кетти дегендик. Жогорудагы Рыспай Абдыкадыровдун ырларынан башка "Сен менин жазылбаган ырларымсың" (Сардарбек Жумалиев), "Тоо гүлдөрү" (Түгөлбай Казаков), "Түшүмө кирдиң түндө сен", "Бул ырлар сага белегим" (Арзыбек Бедияров), "Саадатым" (Кудайберген Темиров), "Сенин үнүң" (Адылбек Кыязов), "Чоочун аял" (Сыймык Бейшекеев), "Карындаш" (Асанкалый Керимбаев), "Сагындым жазды" (Апаз Жайнаков) деген керемет ырлардын сөзүн дал ушул киши жазган.
Көпүрө-Базардын кулуну. Биримкул Алыбаев ушул айылда 1937-жылы 1-июлда туулган. Айтылуу Талас суусунун боюндагы токойлуу, тоолуу айыл — мурда-кийин кыргыз маданиятына сынчы, акын-котормочу Аман Токтогуловду, композитор, обончу-аткаруучу Түгөлбай Казаковду, таланттуу ырчы Малик Аликеевди, кинорежиссёр Бакыт Карагуловду кооз табияты, нарктуу аксакалдары менен табиялап берген айыл. Акындын шыгынан ойгонушуна кооз табият, сөзмөр адамдар менен бирге эле эң алдын атасынын канынан өткөн таасири чоң болгон. Атасы Алыбай устачылык кылган экен, айылдагы көпүрөнүн, мектептин салынышында анын эмгегин айтып жүрүшчү. Ислам динине кызмат кылып, такыба адам катары молдочулук жайы да белгилүү экен. Бирок ал кишинин өмүрү кыска болуптур, баласы эсине көп кире электе эле каза болгон экен.
Балалыгы согуш жана согуштан кийинки жылдарга туш келди. Согуштан кийин элдин абалы оор болуп, ачарчылык каптады, ошол кезде апасы үч баланы калтырып, Казакстан жакка турмушка чыгып, өз бактысын издеп кетти. Биримкул бир туугандарынан бөлүнүп, Райымбек деген алысыраак тууганын баш паанектейт. Ал киши малын, көбүнчө эчкисин бактырат, мектепке деле жарытылуу барбайт. Ушундай абалга туугандарынын боору ачыдыбы, 4-класста окуп жатканда, 1951-жылы, атасынын эжесине кошуп беришет. Аны Базар-Коргонго мектепке директор кылып жиберишкен, кийин райондук эл агартуу бөлүмүнө башчы болот. Бул кезде ал учурдагы Ош облусунун Ленин районундагы Фрунзе атындагы колхоздо кийинки Социалисттик Эмгектин Баатыры Өлмөсхан Атабекова башкарма экен. Эжеси ошол башкарма экөө катташып турган. Атактуу бул чарбага акын-жазуучулар, артисттер да көп келер эле, Биримкул кечкисин алардын сөзүн угуп, колуна суу куюп, күндүз колхоздун пахтасын терип эр жетти.
Акындын делебесин козгогон түштүк кызы. Базар-Коргондо мектепте окуп жүргөндө бир кыз менен эки жылдай жактырышып жүрөт. Анан Фрунзеге окууга кетет да, кызга тынымсыз ыр менен кат жазат. Ал кезде кыздарды эркине койбой ата-энеси кудалап туруп, турмушка узатып ийчү, Биримкулдун "сүйлөшкөн" кызы да ошондой тагдырга туш болот. Жанагы обон чыгарылган "Түшүмө кирдиң түндө сен", "Жолугарым билгемин", "Сагындым жазды" сыяктуу түпкүрдөн суурулуп чыккан махабат лирикалары ошол кыргыз поэзиясынын жана обондуу ырларынын өнүгүшүнө салым кошкон биз үчүн "белгисиз" кызга арналгандыр...
Чарчадым эми, дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи периштем, — деген үн ошол жылдардын кабарын айтып жаңыргансыйт...
13 сом менен окууга келген. 1956-жылы Базар-Коргондогу №1 мектепти бүтүргөн соң эжеси колуна 13 сом карматып, аны Фрунзеге окууга жиберет. Багы ачылган экен, бир жагы, экинчи жагы, жазуучулук шыгы бар экен, университетке өтүп кетет. Ырды өтө эрте чагынан жаза баштап, 16 жашында тырмак алды ыры облустук гезитке жарыяланган эле. Ошолору огожо болот. Жазганы гезитке басылган киши ал кезде өзгөчө бой көтөрүп калар эле, бирок ал анысын деле билдирген жок. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине жалаң "чымындуулар" кире турган. Анын курсташтары: Төлөгөн Касымбеков, Эсенгул Ибраев, Кеңеш Жусупов ж.б. атактуулар болгон.
Басма иштери. 1961-жылы университетти аяктап Кыргыз телеграф агенттигинде (КырТАГ) оператор, 1965-жылдан 1969-жылга дейре республикалык илимий-техникалык маалымат жана үгүттөө институтунда редактор, 1969-1977-жылдары "Кыргызстан" басмасында көркөм адабият редакциясында редактор, "Кыргызфильм" студиясында синхрондуу котормочу, "Экран" журналында редактор болуп иштейт. Мына ушундай жанга жай кызматтар анын отуруп алып ыр жазып, китеп которуп, аларын чыгарып, кол акыларды дурус таап турууга шарт түзгөн.
Билинбей жазган жаш акын. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарын кыргыз адабиятынын, анын ичинде улуттук поэзиянын "гүлдөө доору" дейбиз, дал ошол "гүлдөө доорунда" жаш акындын "Ак чардак" (1968), "Бурганак" (1970), "Гүлбурак" (1974), "Жаштык рапсодиясы" (1978), "Таштагы жазуулар" (1979) деген жыйнактары чыккан. Эмнегедир "баллада" деген жанрды көп жазган. Бул китептеринин ичинен Алыкул Осмоновго жана Ысык-Көлгө арнаган бир нече ыр түрмөктөрү бар, демек, жаш талапкерди ушул таланттуу акын жана керемет жер өзгөчө шыктандырган сыяктанат. Бирок бул дурус китептер тууралуу адабий сын да, окурмандар да жылуу пикир айткан жок, акын "бир кеченин жаап өткөн карындай" (Алыкул Осмонов) билинбей жүрө берди...
Апасын издеп барышы. Согуштан кийинки оор турмушта жесир калган апасы үч баласын таштап Казакстанга бүлө күтүп кетет дебедикпи. Биримкул үй-жай күтүп, кичине тыңып алганда апасын издеп барат. Барса, апасы ал жактан да бир кыздуу болгон экен, уй саап отурган аялга "кетесиңби" десе, "кетем" дептир, Фрунзеге алып келип, каза болгонго чейин, 1964-жылга дейре, чогуу жашаптыр. Апасы өзүнө окшоп жоош киши болгон экен.
Акындыгы жана котормочулугу. Ал — аз жазган авторлордун бири. Студент чагында эле 1955-жылы тажик адабиятынын классиги Абдусалом Дехотинин балдар үчүн жазган ырларын которуп, "Поезд келди" деген ат менен чыгарган. Бир чети калем акынын айынан, экинчи жагынан өзүнө тажрыйба болсун деп азербайжан жазуучусу Алфи Гасымовдун "Адиланын таалайы" деген романын кыргызчага которуп, анысы 336 бет көлөмүндө 1972-жылы китеп болуп чыкты. Ошондой эле америкалык баскынчылардын азабын көргөн вьетнам элинин трагедиялуу тагдырын жазып жаткан ошол элдин акындарынын ырларын которду. "Таштагы жазуулар" (1979), "Жазды күтөм" (1987) деген жыйнактары чыгып, кийин "Учкун" концерни (Каныбек Иманалиев) каржылаган "Лирика" деген китеби аз гана нускада басылды, ошону менен совет доорун жыйынтыктагандай болду. Эгемендүүлүк жылдарынын катаал окуялары, каатчылык, рыноктон улам коомдон сүрүлүп калган акындык тагдыр анын "Катаал күндүн ырлары" деген 2008-жылы чыккан жыйнагында ачуу-таттуусу аралаш берилет. "Автограф" деп даярдалган китеби чыкпай калды окшойт.
Мүнөзү. Ашкере жоош, көп сүйлөбөгөн, башын көтөрбөй жаза эле берген киши. Көчөдө жүрсө аны эч ким популярдуу обондордун сөзүн жазган акын дешпейт. Сабырдуу, салабаттуу, эч качан чыр-чатакка барбаган, жупуну кийинген адам болгон. Өмүрүндө жутунбаган, жулунбаган киши. Анын сөзүнө обон чыгарып, ошол обондорду ырдап коюп, эчен адамдар наамдарды, орден-медалдарды алып жатканда бул киши бир бет мактоо баракчасы жок жашап келди. Баса, 2007-жылы 70 жылдыгында гана бир грамота алыптыр. Ушул болду...
Үй-бүлөсү. Жубайы Салима экөө бир айылдан, жигит 3-курста, кыз 1-курста экенде эле үйлөнүп алып, балалуу болуп, өтө кыйналышкан, ошого карабай эркеги иштеп, жубайы бала багып күн кечирген. Азыр токсонго келип калган Сабира апа күйөөсүнүн "Сен менин жазылбаган ырларымсың" деген ыры өзүнө арналганын, экөө элүү жыл кол кармашып жашаганын айтып калат. Үч уул, эки кыздуу болушкан. Ак-Өргөө конушуна үй салышкан. Уулу Алматыдан философия факультетин бүтүрүп, азыр Москвада жеке ишкер, бир кызы Стамбул шаарында жашайт. Бир күндө анын сөзүнө жазылган ондогон ырлар радио, теледен берилет, концерттерде, тойканаларда ырдалат, ошолордун ар биринде Биримкул Алыбаев деген ысым жаңырып турса кана, атаганат...