БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өткөн ЖККУ саммитинде жабык эшик артында эмне талкууланганын айтып берди.
Өлкө башчы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын дагы чыгарды.
Жапаровдун кебинин урунттуу учурлары:
аймактык жана глобалдык коопсуздуктун негизги аспектилери боюнча ачык пикир алмашуу болду. Күн тартибиндеги бардык пунктулар боюнча өз ара түшүнүшүү;
коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга каршы туруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. ЖККУнун эл аралык аброюн бекемдөө боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Аскердик, аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында практикалык чаралар ишке ашырылды;
бир катар ири машыгуулар өткөрүлдү. Бул жана башка иш-чаралар уюмга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн бөлүмдөрүнүн аракеттеринин ырааттуулугун камсыздап, коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгын жогорулатты;
террордук жана экстремисттик максатта маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ыкчам чара көрүү боюнча кызматташуусу улантылды;
жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы гана чыгарылбастан, келерки жылга ЖККУнун актуалдуу ишмердүүлүк багыттары да аныкталды.