Миинстр саламаттыкты сактоо тармагында ладыдагы беш жылда ири иштер жүрөрүн маалымдадыАКШ Мадурону тактан кулатышы мүмкүндүгү айтылуудаБишкекте "Евразия" Орус тили жана маданият борборун ачты. Алдыда кененирээкБишкекте биринчи ирет Орус тили жана маданияты борбору ачылды. Бул тууралуу "Евразия" коммерциялык эмес уюму маалымдады.Билдирүүгө ылайык, борбордо орус тилин үйрөтүп, өнүктүрүп, баарлашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ошондой эле анда тил курстары, театрдык жана чыгармачылык студиялар, медиамектептер, талкуу клубдары иштейт жана мугалимдер үчүн программалар бар. Кыргызстандагы биринчи Орус тили жана маданияты борборун РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты жана "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова ачты. "Евразия" уюму бир жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан менен биргеликте үзгүлтүксүз иш алып барууда. Орус тили жана маданияты борборунун ачылышы — ошол масштабдуу иштердин бир бөлүгү. Орус тили биздин мамлекеттердин байланышынын негизи болуп калат жана агартуучулук, маданий демилгелерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт", — деген Аршинова. Борбордун ачылыш аземине ардактуу конок катары Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Кыргызстандын илим жана билим берүү министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты. иш-чаранын видеосун sputnik.kg сайтынан көрө аласыз.
Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында жакынкы 5 жылда бир катар ири реформалар жана долбоорлор ишке ашат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирген. Министрдин айтымында, негизги долбоорлордун сап башында “Медициналык шаарча” долбоору турат. Ошондой эле министрликтин алдыдагы максаттарынын бири – саламаттыкты сактоо системасында оорунун алдын алууга багытталган саясатты күчөтүү. “Оорунун алдын алуу үчүн ресурстарды бир багытка топтоп, системалуу иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө республика боюнча коомдук саламаттыкты сактоо боюнча алты ар башка уюм бар. Бирок, райондордо негизинен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл гана иштеп келет. Министрликтин максаты – бул уюмдарды бириктирип, эки негизги түзүмгө айландыруу жана алардын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу”, - деп белгиледи ал. Министр кошумчалагандай, жакынкы беш жыл ичинде өспүрүмдөр арасында тамеки жана спирт ичимдиктерин колдонуу азаят, тузду ашыкча пайдалануу кыскартылат, калктын өмүрүнүн орточо узактыгын жогорулатууга багытталган саясат ишке ашырылат.
АКШ Венесуэлага каршы операциялардын жаңы этабын жакынкы күндөрдө баштоого даярданууда, анда өлкөнүн президенти Николас Мадуро тактан кулатылышы да мүмкүн. Бул тууралуу Рейтер америкалык аткаминерлердин айткандарына таянып жазганын РИА Новости агенттиги билдирди. "Америка Кошмо Штаттары жакынкы күндөрдө Венесуэлага байланыштуу операциялардын жаңы кадамын баштоого даярданууда", — деп айтылат маалыматта. Агенттиктин атын ачыктагысы келбеген маектештеринин айтымында, АКШнын жашыруун операциялары Мадурого каршы, анын ичинде Венесуэла лидерин бийликтен кулатуу аракети да болушу ыктымал. Ошол эле учурда макалада масштабдуу операциялардын боло турган күнү так айтылган эмес. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 93 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА РЫАЙЫ 24-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 24-ноябрь, дүйшөмбүдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй,Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Талас аймагында +10...+15, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын жергесинде +5...+10 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +13...+15 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +15...+17 градуска жетет.