БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. АКШ Сенаты өкмөттү каржылоого багытталган мыйзамдар топтомун колдоп, өлкө тарыхындагы эң узак созулган шатдаундун аякташына жол ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Конгресстин жогорку палатасынын сайтындагы түз эфирге ылайык, процедуралык добуш берүүдө 60 сенатор демилгени колдогон. Бул — мыйзамдын өтүшү үчүн керек болгон минималдуу сан. Ал эми 40 сенатор каршы добуш берген.
Мыйзамдар топтому 2026-финансылык жыл үчүн төмөнкү түзүмдөрдү каржылоону камсыздайт:
Конгресс жана анын көмөкчү кызматтары;
Айыл чарба министрлиги, анын ичинде SNAP азык-түлүк жардам программасы;
Тамак-аш жана дары-дармек сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы (FDA);
Ардагерлер үчүн программалар жана жеңилдиктер;
Пентагондун курулуш долбоорлору.
Өкмөттүн калган бөлүгү 2026-жылдын 30-январына чейин узартылган убактылуу каржылоо резолюциясы аркылуу каржыланат. Ошондой эле 1-октябрда башталган федералдык кызматкерлердин массалык кыскартууларын жокко чыгарат.
Процедуралык добуш берүүдөн кийин Сенат жыйынтыктоочу добуш берүү процедурасын өткөрөт. Андан соң документтерди Өкүлдөр палатасы карап, акырында президент Дональд Трамп кол коюшу керек.
АКШдагы шатдаун
АКШда финансылык жыл адатта 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бирок ал процесстин ишке ашпаганы федералдык бийликтин ишин токтотууга аргасыз кылды.
АКШ президенти Дональд Трамп шатдаундун жоопкерчилигин демократтарга жүктөп, аны кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан кутулуу үчүн колдонорун айтып сөөмөй кезеген.
Ак үйдүн Улуттук экономикалык кеңешинин жетекчиси Кевин Хассет 5-октябрь күнү өкмөт ишинин узакка токтоп турушу жумуш орундарынын кыскарышын жана ички дүң продукциянын жума сайын 15 миллиард долларга чейинки жоготуусун шартташы мүмкүн экенин билдирген.