БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиянын Донбасс республикаларын таанышы жана атайын операциянын башталышы ЛЭР калкын кырылып жок болуу кооптуулугунан сактап калды. Бул туурасында Россия ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник телекөпүрө учурунда айтты.
Ал "Русский домдо" өткөн "ЛЭРди бошотууга болгон жол" деп аталган телекөпүрөдө сүйлөгөн.
Анын айтымында, 2022-жылдын июлунда Луганскинин аймагынын 99 пайызы украин баскынчыларынан толук бошотулган.
"Бирок ушул убакыттын ичинде жана азыр да ЛЭРдеги жарандык объектилер Украина куралдуу түзүлүштөрүнүн катуу чабуулдарына туш болуп келет", — деди элчи.
Учурда аталган аймак согуш чектеринен 90 чакырымдай аралыкта турат.
"Буга карабастан Зеленскийдин баш кесерлери, анын сөзү менен айтканда, узакка жасалган чабуулдарга машыгып, жарым миллион калктуу шаардын турак жай кварталдарына, турак үйлөргө, энергетика объектилерине сокку урууда. АКШдан, Улуу Британиядан жана Франциядан келген ракеталар менен дрондорду колдонуп жатышат", — деди Мирошник.
2022-жылдын сентябрында ЛЭРде өткөн референдумда Россияга кошулуу үчүн шайлоочулардын 98,4 пайызы добуш берген.
"Бул чечим көп кыйынчылыктар менен кабыл алынган. Луганскиге жасалган биринчи чабуулдан тарта бүгүнкү күнгө чейин республика тургундары 11 жылдык оорчулукту башынан кечирди", — деп элчи сөзүн жыйынтыктады.