БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү боюнча жарлыкка кол коюп, ал "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Элдик жыйын 22-декабрга дайындалды. Жалпы 700 делегат катышат.
"Курултайды өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт. Делегаттарды шайлоо тартибин Улуттук кеңеш аныктайт", — деп айтылган документте.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына курултайды өткөрүү боюнча, башкача айтканда, делегаттарды шайлоону уюштуруу, коопсуздукту сактоо сыяктуу тапшырмалар берилди.