Тарых беттеринде алтын тамга менен жазылып калган панфиловчулар. Сүрөт баян

Быйыл Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов атындагы Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөнүнө 84 жыл толду.
Sputnik
1941-жылы 12-июлда Орто Азия аскер округунун командачысынын буйругу менен 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. Бөлүктү түзүү жана ага кол башчылык кылуу Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Панфиловго тапшырылган. 15-октябрдан баштап панфиловчулар Москваны фашисттик баскынчылардан коргоого катышып, өзгөчө эрдиги менен айырмалана алган. Алардын ысымы Советтер Союзунун тарых барактарында алтын тамга менен жазылып калды.
1941-жылы 18-ноябрда генерал-майор Иван Панфилов баатырларча курман болот. Бир аз убакыттан кийин командачылыктын буйругу менен аскердик бирикменин аталышы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деп өзгөртүлөт. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден панфиловчулардын уникалдуу сүрөттөрүн тапкан.
1 / 9

Панфиловчулар лыжа тээп, машыгууда. 1941-жыл

2 / 9

Панфилов дивизиясынын офицерлери Гундилович, Галушко, Егоров, Каиров, Мухамедьяров 28 куралдашынын мүрзөсүндө. Москва облусу, 1941-жыл.

3 / 9

Москваны коргоодо өзгөчө эрдик көрсөткөн панфиловчулар орден жана медаль менен сыйланып жатышат. 1941-жыл

4 / 9

Пулёметчу-панфиловчу Шумнов. 1941-жыл

5 / 9

Панфилов дивизиясынын командирлери. Москва облусу, 1941-жыл

6 / 9

Панфиловчулар олжологон немец танкасын текшерүүдө. Москва аймагы, 1941-жыл

7 / 9

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдин эстелигинин ачылышы. Фрунзе, 1942-жыл

8 / 9

Панфилов дивизиясынын катарындагы кыргызстандык аскерлер (сол жактан биринчи) Кынар Эралиева, Асипа Исмаилова (ортодо), Канипа Алиева. "Кызыл Кыргызстан" гезити, 1942-жыл

9 / 9

Панфилов дивизиясынын 40 жылдык мааракеси. Ардагер панфиловчулар туусуна таазим кылууда. Фрунзе, 1981-жыл

Тема боюнча:
Сталинград салгылашынын тарыхы. 83 жыл мурдагы видео
Фрунзеге кайткан алгачкы "Жеңиш эшелону". Тарыхый видео
Панфиловчу кыргыздар же өлүмдөн коркпогон "Манас батальону". Видео