БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. АКШ Россиянын маалымат каражаттары, анын ичинде Sputnik жана RT менен маалымат мейкиндигинде күрөшүүнү токтотпойт, бул багыттагы ишти "акылдуураак жана демдүүрөөк" кылууга ниеттенип жатат. Мындай билдирүүнү АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Тэмми Брюс "Америка үнүнүн" ишинин токтотулушу боюнча комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп бюрократияга каршы күрөшүү максатында бир катар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кыскартуу боюнча буйрукка кол койгон. Бул тизмеге АКШнын глобалдык медиа агенттиги (USAGM) да кирип, анын көзөмөлүндөгү РСЕ/РС; англ. Radio Free Europe/Radio Liberty, RFE/RL** жана Voice of America* медиаларынын иши чектелди. Трамптын чечимине ылайык, айрым мамлекеттик уюмдар өз функцияларын АКШ мыйзамдарынын эң аз коюлган талаптарына ылайык кыскартууга милдеттендирилди.
Бирок Тэмми Брюс бул чечимге карабай АКШ россиялык медиаларга каршы күрөшүүнү улантарын белгиледи.
"Бул иш токтоп калбайт. Болгону, аракеттер, таасир чөйрөсү жана өз ара иштешүү ыкмасы өзгөрөт", – деди ал журналисттерге берген брифингде.
Мурда RT телеканалында иштеген америкалык журналист Бен Свонн АКШнын президентине кайрылып, RT, Sputnik жана АНО "ТВ-Новостиге" карата санкцияларды алып салууну суранган. Ал мурунку администрациянын бул чечими өлкөнүн конституциялык укуктарын бузат деп эсептеген. Анын катын бир катар башка журналисттер да колдошкон.
2024-жылдын сентябрь айында ошол кездеги мамлекеттик катчы Энтони Блинкен АКШ RT телеканалына санкцияларды киргизерин жарыялаган.
*Россияда чет элдик агент катары белгиленген ЖМКлар