БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына Дональд Трамп сунуштап жаткан Марко Рубио Украинанын атайын операцияга чейинки чектеринин өлкөгө кайтарылышы күмөн деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Украина россиялык күчтөрдү 2022-жылдын февралындагы позицияларына толук сүрүп чыга албайт. Бул чатактын азыркы масштабы жана улам тереңдеши менен байланыштуу", — деген Рубио Сенатта сүйлөп жатып.
Сенатор аны менен катар эле Россияга салынган санкцияларды жумшартуу маселеси Украина чатагын соңуна чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
"АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну такуулоого катышканда, эгер шарттар туура келсе, санкциялар жана аларды жеңилдетүү бул процесстин бир бөлүгү болушу мүмкүн", — деген ал.
Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылы 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Ал атайын операция аргасыз жасалган кадам экенин, Россиянын башка аргасы калбаганын, коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктер башкача жооп берүүгө жол калтырбаганын айткан.
Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москанын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.