Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи россиялык журналисттин ДЭРде өлтүрүлүшү боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв.— Sputnik. Россия ЮНЕСКОнун башчысы Одри Азуледен россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылууда. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова билдирген.
Ал 4-январда дрондун атайын жасалган чабуулунан "Известия" басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Александр Мартемьянов каза болгонун эске салды. Андан тышкары, Россиянын ЖМКларынын кеминде төрт өкүлү ар кандай жаракат алышкан. Булардын арасында "РИА Новости" басылмасынын кызметкерлери Михаил Кевхиев менен Максим Романенко бар.
Каргашалуу окуя согуш болуп жаткан аймактан алысыраак жерде болгон. Захарова ЖМК өкүлдөрүнө атайын эле чабуул жасалганын белгилеген. Анын айтымында, муну аман калгандардын берген көрсөтмөлөрүнөн улам билсе болот.
"Россиялык журналисттерди атайын өлтүрүү — Зеленский режиминин кандуу мыкаачылык иштеринин дагы бир оор кылмышы болду", — деген ал.
ТИМ өкүлү Россия тарап ЮНЕСКОнун башчысы Азуледен россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылып жатканын белгилеген.
"Бул окуяны башка да укук коргоо уюмдары сынга алат деп күтүп жатабыз. Ар кандай шылтоонун артына жашынуу аракетин ыйгарым укуктуу органдардын адекваттуу реакциясы катары кароого болбойт", — деген ал.
Захарова россиялык журналисттерге карата жасалган кылмышка катышы барлардын бардыгы аныкталып, тиешелүү жазасын аларын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Башка арга жок". Украина армиясынын Россия боюнча күтүүсүз билдирүүсү