Пресс-борбор

SputnikPro: журналист жалаадан кантип сактанат

Мастер-класска катышкан келечектеги журналисттерге маалымат даярдоодо далилдерди топтоп сактап коюунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Маалыматтык сайттардын башка ЖМКлардын ишмердүүлүгүнөн айырмасы – ыкчамдык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин видео бөлүмүнүн кабарчысы Кызжибек Раимова SputnikPro долбоорунун алкагында журналистика жаатындагы биринчи курстун студенттерине өткөргөн мастер-класста айтты.
Ал замандын талабына ылайык дүйнөдө журналисттердин иш алып баруусу соңку жылдарда бир топ өзгөргөнүнө токтолуп, ЖМКлар ичинде маалыматтык сайттар басымдуулук кылып, маалымат айдыңында башкы приоритетке чыкканын мисал келтирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин видео бөлүмүнүн кабарчысы Кызжибек Раимова
"Маалыматтык сайттар, анын окурмандары ыкчамдыкты талап кылгандыктан учурдун журналисттери телефон чалуу менен тиешелүү жоопторду алары сыр эмес. Мындай учурда ар бир журналисттин телефонунда чалууларды жаздырып ала турган тиркемелер болушу керек жана журналист респондент менен сүйлөшүүдө аны жаздырып алууну эстен чыгарбашы кажет. Ал эми маалымат жазышуу, кат алмашуу түрүндө алынган болсо, аны скриншот кылып коюу ашыкча болбойт. Кандайдыр бир жыйындарга, митингдерге барганда видеокамера жок болсо респонденттин айткандарын диктофонго жаздырып алуу зарыл. Капыс респонденттердин бири айтканынан кайтып же журналистти туура эмес маалымат тараткан деп күнөөлөсө бул далилдер жалаадан куткарып кала турган курал болот", — деди Раимова.
SputnikPro долбоорунда "Заманбап журналист эмнелерди билиши керек?" деген теманын алкагында сөз болду.
SputnikPro: журналисттерге санариптик медиада лидер болууга жардам берет