Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун чечиминде айтылган.
Маалыматка ылайык, ал тергөө аяктагыча, тагыраагы, 29-декабрга чейин үй камагында болот.
Сот анын кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканы белгиленди.
55 жаштагы Нурлан Мотуев расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалганын Бишкек ШИИББден 31-октябрда кабарлашкан.
Кеминде православ чиркөөсүнүн терезесин талкалаган киши кармалды