Грузияда бийликтин партиясы оппозициялык блоктон озду. Шайлоо жыйынтыгы

Ал арада шайлоого катышкан башка оппозициячыл партиялар шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили шайлоо участкаларынын 99 пайыздан ашыгынын маалыматтары саналып чыккандан кийин "Грузин кыялы" партиясы мыйзам чыгаруу органындагы 150 орундан 90 мандатка ээ болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Добуштардын 99 пайыздан ашыгы саналып бүткөндөн кийин "Грузин кыялы" 54 пайыз добушка ээ болот деп божомолдонууда. Мындай учурда алар парламентте 150 орундун 90ун алат", — деп жазган спикер.
БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, жалпысынан добуштардын 99,64 пайызы эсептелген. Жыйынтыгында "Грузин кыялы" партиясы добуштардын 54,08 пайызын алса, оппозициялык төрт партия биригип 37,5 пайыз добушка ээ болду.
Ал арада шайлоого катышкан оппозициячыл партиялар шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартууда. Буга чейин үч партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жатса, эми аларга "Грузия үчүн" партиясы кошулду. Алар нааразычылык акцияларын баштоого даяр экенин айтышкан.
БШК шайлоочулар өзүнө ыңгайлуу жерден добуш бере аларын эскертти. Чоо-жайы