Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Бишкек мэриясы жүргүнчүлөргө кайрылды

Шаардык администрация жүргүнчүлөрдүн накталай берген акчасы автобазага толук түшпөй жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн жол кирени карта менен төлөөгө кайрадан чакырды. Анда карта менен төлөгөндө жол акы 17 сомду түзөрү эскертилген. Накталай төлөм менен жол кире 20 сомдон.
"20 сомдон төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат. Бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин жаңы автобустар дагы мурдагыдай "автобустардын мүрзөсүнө" айланат. Булар бери дегенде 15-20 жыл кызмат кылышы керек", – деген мэрия.
Ошондой эле шаардык администрация автобазага каражат түшпөсө аларга өз учурунда тетиктер алынбай, оңдолбой каларын белгилеген. Мындан тышкары, "Бишкекке тез-тез келип тургандар жол кире көтөрүлсө 40 сомдон төлөйбүзбү?" деген суроого жооп берген.
"Силер да карточка алып, 100 сомдон 1000 сомго чейин акча салып койгула. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр 1 жыл болсо да акчаңар сакталып турат. Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт", – деп жазылат мэриянын кайрылуусунда.
Жалпысынан шаардагы жүргүнчүлөрдү 1500дөй автобус тейлээрин кошумчалашты.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров да жүргүнчүлөрдү автобустарда накталай эмес төлөмгө өтүүгө чакырып, бишкектиктерге нааразы болгон.
Пресс-борбор
Жол кирени накталай эмес төлөө эмне үчүн зарыл? Ишкана жетекчисинин түшүндүрмөсү