24-сентябрга карата аба ырайы

24-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл жергесинде +17...+22, Нарын өрөөнүндө +19...+24 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +26...+28, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин көтөрүлөт.
Жамгыр, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты