Омскидеги ШКУ форуму: билим берүү боюнча кызматташуу - өнүгүүнүн бир жолу

Кротт Кыргызстан Россия үчүн билим берүү тармагында артыкчылык берген өнөктөш болуп эсептелерин белгилеген. Ал эми башкы консул Айдарбеков жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кызматташуунун келечеги тууралуу айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Омскиде өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин IV форумунда бирдиктүү билим берүү программалары пенелдик сессияда талкууланды.
Анын катышуучулары ШКУга мүчө өлкөлөрдүн региондорунун ортосундагы мамилени өнүктүрө турган жолдордун бири билим берүү боюнча биргелешкен иштер экендигин айтышты.

"Айрыкча илим-техника тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди бүгүнкү күндө өз күчүбүзгө таянып даярдоодо мүмкүнчүлүгүбүз бүгүнкү күндө жетишсиз. Биргелешкен ресурстарды жана бар тажрыйбаны колдонуу зарыл", — деген аянтчадагы модератор, Омск облусунун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, билим берүү министри Иван Кротт.

Ал Россия университеттик кампустар түйүнүн куруу долбоорун баштагандыгын айтып берди. Бул кампустар студенттик жатаканалар менен гана эмес, ошондой эле лабораториялар, коворкингдер жана башка зарыл инфраструктура менен камсыздаларына токтолду. 2030-жылга чейин кеминде мындай 25 кампус түзүү пландаштырылууда, алар илимий ишмердүүлүк жана студенттик стартаптарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Кротт Омскиде заманбап жана жогорку технологиялык билим берүү, жашоо, илимий ишмердүүлүк жана кесиптештер менен кызматташуу үчүн орун түзүү пландаштырылып жатканын айтты.
"Сессияда талкууланган темалардын бири ШОС өлкөлөрүнүн мындай долбоорлорду жүзөгө ашыруунун тажрыйбасын изилдөө болду", — деди Кротт.
Ал эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө билим берүү тармагындагы долбоорлорду өз ара колдоо маанилүү салым болуп саналарын жана ШКУ өлкөлөрүнүн биримдигин көрсөтөрүн кошумчалаган. Кротт мындай долбоорлордун бири катары өзүнүн мисалын келтирип, Кыргызстан Россия үчүн билим берүү тармагында артыкчылык берген өнөктөш болуп эсептелерин белгилеген.
Панелдик сессияда Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кызматташуунун келечегин, анын ичинде ШКУ университетинин алкагында айтып берген.
Россия сала турган 9 мектептин үчөө жакында курула баштайт