Айыл чарба кредит өнөктөштүгүнүн өкүлдөрүнүн II курултайы. Пишпек, 1926-жыл
Орус-тузем мектебинин окуучулары (солдо биринчи Иманалы Айдарбеков). Пишпек, 1890-жылдар.
Кыргыздын алгачкы саясий жана маданий элитасынын басымдуу бөлүгү орус-тузем мектебин бүтүргөн. 1920-жылдардын ортосуна чейин кыргыздын ичинен жогорку окуу жайды бүткөн жаштар болгон эмес.
Абдыкерим Сыдыков Кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү идеясынын башкы демилгечиси. Пишпек, 1920-жылдар.
Россия империясынын учурунда кыргыздын арасынан Абдыкерим Сыдыков, Жанек Солтоноев Казань жана Варшава университетинин зооветеринария факультетине өтүшкөн. Бирок экөө тең түрдүү себептерден улам окуу жайды бүтпөй калышкан. Жанек — атактуу тарыхчы Белек Солтоноевдин жакын тууганы.
Кожомурат Сарыкулаков, кыргыздын алгачкы интеллигентеринин бири. Фрунзе, 1918-жыл. Сүрөттүн автору — Ильин.
Ал 1892-жылы 10-февралда жарык дүйнөгө келген. Кожомурат кедей-кембагалдын уулу эле. Сарыкулаков манаптын уулунун ордуна Верный (азыркы Алматы) шаарына гимназияга барып окуйт. Окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң мамлекеттин эсебинен Киев университетинин юридика факультетине жиберилет. Тилекке каршы, Сарыкулов да окуусун бүтпөй калат. Кыргызстанга кайткан соң саясатка активдүү аралаша баштайт. Кожомурат демократиялык "Букара" уюмун уюштуруп, Кыргызстанда Кеңеш өкмөтүн орнотууга катышат. 1918-жылы 11-октябрда Сарыкулаков оорудан улам каза болот.
Кыргыз автоном облусунун бүткүл союздук коммунисттик партиясынын аткаруу бюросунун мүчөлөрү: Абдыкадыр Орозбеков (1-катарда оң жактан биринчи), Жайнак Саадаев (1-катарда оң жактан экинчи), Дали-Мырза Зульфибаев (2-катарда оң жактан биринчи), Осмонкул Алиев (2-катарда оң жактан биринчи), Жусуп Абдрахманов (2-катарда оң жактан экинчи). Фрунзе, 1927-жыл.
1920-жылдары Жусуп Абдрахманов Ленинградга барып атактуу орус илимпозу Василий Бартольд менен жолукканы тууралуу тарыхый кызыктуу фактыны тарых илимдеринин кандидаты Назарбек Түнтеев айтып берди. Абдрахманов Бартольдго кезигип, кыргыздардын тарыхын жазып берүүсүн өтүнөт. Василий Владимировичке мамлекеттин казынасынан ири сумма бөлүнөт. Натыйжада орус тилинде "Киргизы: (исторический очерк)" аттуу илимий эмгек жарык көрөт. Бартольд бул китебинде IХ кылымдын ортосунан баштап Х кылымдын башына чейин Енисей дарыясынын боюнда ата-бабаларыбыз курган мамлекет жөнүндө "Улуу Кыргыз Дөөлөтү" деп суктанып жазган.
Кыргыз автономдуу облусунун Коммунистик партиясынын жооптуу катчысы Жайнак Саадаев (сол жакта), советтик атактуу кол башчы Семён Буденный (ортодо) жана Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (оң жакта). Москва, 1929-жыл.
1925-жылы мартта Пишпекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Советинин Учредителдик съезди өтөт. Жыйын Кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүүдө юридикалык жактан зор роль ойногон. Курултайга он бир элден 135 делегат катышкан. Съездге Москва жана коңшу республикалардан коноктор келген. Съезд элүү бир мүчөдөн турган облустун аткаруу комитетин дайындап, төрагалыгына коомчулукка белгисиз, мурдагы наабайчы, кызыл аскер Абдыкадыр Орозбеков шайланат. Аны бул кызматка Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков жана Ишеналы Арабаев көрсөткөн. Орозбековдун мындай кызматка шайланышы жаңы уюшулган Кыргызстанда жумушчу менен дыйкандардын бийликти колго алышынын символуна айланган. Буга чейин ККАОнун саясий элитасынын көрүнүктүү өкүлдөрү Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков бай-манаптын тукумунан эле.
Пишпек округунун Коммунисттик партиянын комитети: биринчи катарда оң жактан экинчи Кыргыз автоном облусунун Коммунисттик партиясынын айылдар ичинде жумуш алып баруу бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз ССРинин айыл чарбасынын эл комиссары Эркинбек Эсенаманов. 1920-жылдар.
1904-жылы Эсенаманов Таластын Маймак айылында төрөлгөн. Атасы Талас аймагындагы чоң манап эле. 1920-жылы Эркинбек Олуя-Атада (азыркы Жамбыл) орус тилдүү мектепти бүтүрөт, андан тышкары, үч ай медреседе, советтик эмгек мектебинде окуган. Андан кийин Москвадагы Чыгыш элдеринин Коммунисттик университетин ийгиликтүү аяктаган. Эсенаманов жаш мамлекеттик ишмерлер Төрөкул Айтматов, Асанкан Жээнбаев, Осмонкул Алиев, Касым Тыныстанов, Осмон Тынаев менен биргеликте саясий карьерасын баштаган. Эсенамановду Жусуп Абдрахманов абдан баалаган. Эркинбектин иштеген акыркы кызматы Кыргыз ССРинин айыл чарбасынын эл комиссары болгон. 1937-жылы сентябрда камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.
Дали-Мырза Зульфибаев. Фрунзе. 1937-жыл.
Тилекке каршы, бул саясий ишмердин көп эмгеги көмүскөдө калды. Зульфибаев 1896-жылы Ош уездинин Ак-Буура волостунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Курманжан датка менен Алымбек даткага туугандык жакындыгы болгон. Дали-Мырза медресени бүтүрүп, Ош шаарындагы орус-тузем мектебин артыкчылык менен аяктаган. Орус жана өзбек тилин мыкты билчү. Ош уездинин башкармалыгында котормочу болуп иштеген. 1917-жылы Кеңеш өкмөтүнүн тарабына өтүп, Ош аймагындагы ар түрдүү кызматта иштеген. Фергана облусунда партиялык кызматкерлердин арасында терең билими жана тажрыйбасы менен айырмаланган. Кара-Кыргыз автоном облусу (КАО) түзүлгөндө чоң кызматтарга көтөрүлөт. Кыргызстанды түптөөгө зор салым кошкон. Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүгө, Фрунзе-Токмок темир жолунун курулушуна активдүү катышкан. Кыргыздын илимий терминологиясын түзүү боюнча эмгектенген. 1932-жылы Өзгөн райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп турганда элге мамлекеттик кампадан бекер буудай тараткан. 1937-жылы жалган жалаа менен атууга кетип, сөөгү Чоң-Ташка коюлган. 1957-жылы акталган.
Турдалы Токбаев — Кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирген тарыхый инсандардын бири. Пишпек, 1923-1925 жылдар.
Турдалы Токбаев тууралуу мамлекеттик ишмер Турар Рыскулов жазган. Токбаев 1896-жылы Жайылдын Чорголусунда жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси кембагал эле. 1904-1914-жылдары медреседе жана Меркедеги орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы Олуя-Атадагы жогорку училищени бүтүргөн. Ошол эле жылы Житомир аймагынын (Чыгыш Украина) Луцк уездине тылдагы жумушту аткарууга жөнөтүлгөн. Ал жакта мобилизация болгон түркстандыктарга командир болуп дайындалган. Февраль революциясынан кийин Кыргызстанга кайтып, Олуя-Ата уездинде Совет бийлигин орноткон. 1918-1921-жылдары Турдалы Пишпек жана Олуя-Атада тергөө, милиция, коопсуздук комитеттеринде жана аткаруу бийлигинде иштеген. Үзөңгүлөшү Иманалы Айдарбеков менен биргелешип Олуя-Ата уездинде (азыркы Кара-Балта шаары) оор шартта жашаган кыргыздардын 35 бүлөсүн азыркы Төкөлдөш айылына көчүрүп келишкен. Турдалы кыргыз менен казактын ичинен Олуя-Ата калаасынын алгачкы акими болгон.
Андан кийин Түркстан Республикасынын билим берүү комиссарынын орун басары, Москвада Кара-Кыргыз автономдуу облусунун алгачкы өкүлү, Кыргыз облустунда Коммунисттик партиянын жооптуу катчысы болуп эмгектенген. 1930-1934-жылдары Москвада жогорку партиялык мектепте окуган. Ошол эле учурда Кыргыз профсоюз кеңешинин төрагасынын орун басары болгон. 1934-1936-жылдары Базар-Коргон районунда машина-трактор станциясынын жетекчиси болуп иштеген. 1936-жылы жалган жалаа менен камалып, ошол эле жылы абакта каза болгон.
Кыргыздын алгачкы революционери жана коопсуздук кызматынын өкүлү Таабалды Жукеев-Пудовкин.
Кыргыздардан алгачкы болуп коммунисттердин катарына өткөн Таабалды Жукеев-Пудовкин 1905-1907-жылдары биринчи орус буржуазиялык-демократиялык революциясына катышкан. 1907-жылы октябрда Ташкенде шаардык полициянын башчысына кол көтөргөнү үчүн камалып, өлүм жазасына тартылган. Кийин өкүм 15 жылдык сүргүн менен алмаштырылган. Түрмөдө күзөт тыңчысын өлтүргөндүгү үчүн сүргүн мөөнөтү 30 жылга узартылат. Ташкент, Саратов, Варшава жана Нижний-Новгород абактарында отурган. Түрмөдөн 1917-жылы Февраль революциясынан кийин бошогон. 1918-жылы өз ыктыяры менен Кызыл армиянын катарына өтүп, Урал аймагында контрреволюцияга каршы күрөшүү боюнча атайын комиссияда иштеген. 1919-жылы Түштүк фронтундагы 22-аткычтар дивизиясынын 197-мусулмандар полкунун комиссары болгон. Крым менен Кавказды ак гвардиячылар менен чет элдик баскынчылардан бошотууга катышкан. 1920-жылы июлдан Түркстан фронтунун оперативдик жашыруун бөлүмүндө, 1924-жылдан баштап Кыргызстанда советтик, чарбалык жана башка кызматтарда иштеген. 1930-жылы каза болгон.