БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанда туулган мушкер Дмитрий Бивол ливиялык атаандашын утуп, чемпион наамын сактап калды.
Ал жарым оор салмак категориясындагылардын арасында Эр-Рияд шаарында өткөн мелдеште рингге чыкты. Бивол атаандашы Малик Зинадды алтынчы раундда нокаут менен жеңип, WBA Super жана IBO версиялары боюнча чемпиондук курун эч кимге берген жок.
Ал эми 30 жаштагы Зинаддын спорттук карьерасындагы бул алгачкы утулуусу. Мушкер 22 жолу жеңген. Дмитрий Бивол 33 жашта, 23 жолу беттеш өткөрүп, биринде да жеңилүү ызасын тарткан эмес.
Эми Бивол жыл соңунда жарым оор салмактагылардын арасында "Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамы үчүн Артур Бетербиев менен беттешет.