Бишкектин жолдорунун жыртык-тешиги бүтөлө баштады. Сүрөт

Мэр асфальт төшөө иштеринде кемчиликтер табылса жол оңдогондорго катуу чара көрүлөрүн эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкектин жолдору кандай оңдоп-түзөлүп жатканын текшергенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолдордун жыртык-тешигин "Бишкек асфальт сервис" ишканасы бүтөп жатат.
"Мэр жолдорду тез жана сапаттуу оңдоону тапшырган. Ишканага асфальт төшөө иштерин жакшылап көзөмөлдөө милдетин жүктөп, кемчиликтер табылса жол оңдогондорго катуу чара көрүлөрүн эскертти", — деп жазылат кабарда.
Мэр ошондой эле Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки тилкесинин курулуш иштери менен да таанышкан. Муниципалитет бул көчө 2024-жылдын 3-кварталында салынып бүтүп каларын кошумчалады.
Эске салсак, Бишкектеги алты ири көчө капиталдык оңдоодон өтмөкчү.
Садыр Жапаров Кыргызстандагы жолдордун начар сапатына түшүндүрмө берди