Подводка: Аналитик Брюсселдин Борбордук Азиядагы саясаты региондо Украинанын евроинтеграция идеясына ыкташын шарттагандай терс маанайды жаратпашы керек деген пикирде.
Быйылкы жылдын биринчи жарымы Борбор Азияда эл аралык окуяларга жана ар кыл деңгээлдеги дипломатиялык жолугушууларга бай болчудай. Апрелде Өзбекстанда Евробиримдик менен БАнын кезектеги саммити өтөт, мындан тышкары, "Борбор Азия+" форматында бир нече конференция пландаштырылган. Азырынча булардын так мөөнөтү белгилене элек.
Диалогго биринчи ирет Улуу Британия катышмакчы, муну көңүл сыртында калтырууга болбойт. Евробиримдиктен бөлүнүп, региондо өзүнчө саясат жүргүзгөнү менен Лондон жалпы Батыштын да, жеке өзүнүн да стратегиялык кызыкчылыгын көздөп иштей алат. Ансыз деле акыркы эки жылдан бери Европа Борбор Азия мамлекеттерине өзгөчө көңүл буруп, регионду эл аралык коопсуздук маселелери чечилген, глобалдуу чакырыктардан кыйгап өтүүчү аймак катары көрүп келет. Демек, дипломатиялык жолугушуулардын мезгили эми гана башталууда, бул жыл деле былтыркыдай кызыктуу болчудай.
Стратегиялык өзгөрүүлөр
"ЕБ — БА" форматындагы жолугушуулар (көп тараптуу да, эки тараптуу да) тынымсыз өтүп жаткан маалда 2002-жылга чейин Европа Борбор Азияны Афганстандагы коопсуздук маселелеринин контекстинде гана карап келгенин азыр эми эч ким деле эстебесе керек. Ага чейин биздин регион экинчи планда болчу, калкыбыз көп түшүнө бербеген европалык стратегияларда (2002, 2007, 2009-жылдар) регионалдык интеграция, демократизация, коррупцияга каршы күрөшүү жана адам укугу дегенден башка маанилүү эч нерсе камтылган эмес эле. БА мамлекеттеринин деле жообу өздөрүнө жараша болду: алгач Европанын эмне максаты бар экенин чындап түшүнө алган жок, кийинчерээк эки тараптуу диалогдун өнүгүүсүнө кызыкдарлыгын оозу бошураак билдиримиш болду.
Бирок Европа парламентинин депутаттары январда Евробиримдиктин 2019-жылы кабыл алган Борбор Азия мамлекеттери боюнча стратегиясын кайра карап чыгуу тууралуу резолюция кабыл алышты. Документте региондогу өлкөлөр менен саясий жана экономикалык кызматташууну кеңейтүү маселелери каралган, эми европалыктардын максаты даанараак боло түштү. Резолюцияда БА Евробиримдик үчүн коопсуздук жана транспорттук жол боюнча, ошондой эле энергия менен ресурстардын диверсификациясы үчүн стратегиялык жактан маанилүү регион экени айтылат. Анын үстүнө "ЕБ Россиядан кыйгап, Европа менен Азияны байланыштыруучу соода жана энергетикалык коридорлорду түзүүгө катуу кызыкдар" болуп турат.
Европанын транспорт багытындагы планы 2021-жылы эле, ЕБ Борбор Азия үчүн "Глобалдуу дарбаза" (Global Gateway) долбоорун даярдаганда белгилүү болгон. Анда эки региондун транспорт, энергетика жана санарип байланыш жаатында өз ара кызматташуусун күчөтүү каралган болчу. Бирок бул долбоорду Евробиримдик 2022-жылы Украинада чатак чыгып, жолу болбой, Россия менен Батыштын каршылашуусу узакка созуларын аңдагандан кийин гана кызуу талкуулай баштады.
Россия менен болгон-бүткөн соода жана энергетикалык байланышын үзүп салган Европанын бүгүн келечек үчүн түйшөлүп турган чагы. Ресурс жана аны жеткирүү жолдору кепилденбеген шартта Евробиримдиктин бакубаттуулугу тууралуу айтып-деш кыйын. Дал ушул себептен улам европалык саясатчылар россиялык багытка альтернативдүү маршруттарды түзүү Борбор Азияны өнүктүрүүнүн "жападан жалгыз жолу" экенин айтышууда. Анткен менен бул пикирди колдогондор БАнын өзүндө да бар.
Транспорттук долбоорлордун баарынын башкы принциби ыңгайлуулугу жогору, убакытты көп албаган маршрутту тандоо эмеспи. Бирок транскаспийлик маршрутта каралган Борбор Азиядан Европага чейинки транспорттук коридорду пайдалуу деп айтууга болбойт, инфраструктура жок. Бирок европалыктар болбой эле чыгым тартууга даяр сыяктуу, инвестиция жана башка преференцияларды убадалап жатат.
Чын-чынына келгенде Борбор Азия мамлекеттери үчүн регионду дүйнөнүн башка бөлүктөрү менен ар кыл багытта байланыштыра турган транспорттук маршруттардын курулушу чоң эле пайда. Бул контексттен алып караганда, "Россияны кыйгап өтчү маршрут" деген кеп — саясий өңүттөгү сөз. Европалыктардын ою боюнча, долбоор эми региондун Россиядан "көз карандысыздыгынын" жаңы деңгээлине көтөрүлүп жаткандай сезим калтырышы керек. Деген менен качантан бери эле көз карандысыз болуп жашап келе жаткан БА мамлекеттери буга анча муктаж эмес.
Европалыктардын өзү аталган маршруттун келечегин канчалык реалдуу элестетерин айтуу кыйын, бирок Европа ушул жана ушуга окшогон долбоорлору менен иштеп эле тим болбостон Борбор Азиядагы таасирин кеңейтүүнү көздөп жатканы анык. Мындай аракет ушу тапта сөзсүз эле экономикалык жактан пайдалуу болушу керек эмес. Балким, бул пландар Борбор Азияны келечекте ресурс катары колдонуу менен да байланыштуудур. Эгер европалыктардын Борбор Азиянын жашоосуна аралашуусу узакка созула турган болсо, анда жалпы Евразияда болуп жаткан процесстерге тийгизе турган таасирин кошо ойлонуу зарыл. Мында кеп экономика жана транспорт маселеси эле эмес, саясат жана коопсуздук жаатында да болууда.
Кооптуулук барбы?
Коопсуздук десе эле коомчулук аны Афганстандын алкагынан кабыл алып көнүп калган. Көбүнесе Борбор Азия ичиндеги террорчулук менен экстремизмдин таасири деп түшүнөбүз. Региондогу өлкөлөрдүн өзү, алардын союздаштары менен өнөктөштөрү Евразиядагы коопсуздук коркунучтарына жана чакырыктарына каршы турчу ыкмаларды жылдап иштеп чыгышкан. ЖККУ менен ШКУ ошонун натыйжасында түзүлгөн уюмдар, ал эми аскердик-саясий багыттагы эки тараптуу диалог бардык деңгээлде бекемделип жатат. Бүгүнкү күндө евразиялык мейкиндикте коопсуздук көйгөйүн чечүү жана аны баалоо ыкмалары, көз карашы бирдей болгон мамлекеттердин биримдиги түзүлгөн. Алсак, Россия, Беларусь, БА өлкөлөрү менен Кытайда ушундай.
Бирок Борбор Азия боюнча стратегияны кайра карап чыккан Европарламенттин айрым депутаттары ЕБ "БА аймагында орун-очок алып калган автократтык оюнчуларга альтернатива боло алат" деген пикирде. Алардын ою боюнча, биримдик региондогу жарандык коомду колдоп, "реформалардын жол картасын" иштеп чыгууга жардам берип, жаш муунга "өз мамлекетинин келечегин түзүүгө катышууга мүмкүнчүлүк" берип жатышат. Бирок биз европалык саясатчылардын ар кандай билим берүүчү жана илимий программалар аркылуу БА мамлекеттерине айтылуу "европалык баалуулуктарды" таңуулоо аракетин жадыбыздан чыгарбашыбыз керек.
Европа Борбордук Азияга жакын болууну көздөп жатат, мунун өзү евразиялык мамлекеттердин өз ара туруктуу алакасына кооптуулук жаратышы толук ыктымал. Россияны алсыратыш үчүн Украинада узак жана эч көзөмөлү жок иштеген Евробиримдик менен жамааттык Батыштын аракети украин мамлекеттүүлүгүн аскердик жаңжал баштала электе эле туңгуюкка кептеген. Ал эми Евробиримдиктин Борбор Азиянын ишине аралашуусу бүтүндөй евразиялык мейкиндиктеги стабилдүүлүккө олуттуу кооптуулук жаратып кое алат.
Евразиядагы коопсуздук контурлары
Евробиримдиктин Борбор Азияда активдешүүсү акыры боло турган процесс, бирок биримдик менен кандай мамиле түзөрү региондогу мамлекеттердин өзүнөн көз каранды. ЕБдин да, БАнын да эки тарапка тең пайдалуу, өнүгүүгө өбөлгө боло турган долбоорлору бар экени шексиз. Бирок кызматташуу саясий өңүт албашы керек, анда Батыштын кайсы бир максатын көздөө үчүн саясий да, экономикалык да кысым болбошу шарт. Мындан тышкары, Брюсселдин Борбор Азиядагы саясаты региондо Украинанын евроинтеграция идеясына ыкташын шарттагандай терс маанайды жаратпашы керек.
ЕККУ (ОБСЕ) саммитинин Стамбул документине кирген 1999-жылдагы Европалык коопсуздук хартиясында мамлекеттердин баары бөлүнбөс коопсуздук принцибин колдоп, өз коопсуздугун бирөөнүн эсебинен бекемдебөө боюнча милдеттеме алышкан. Бирок НАТОнун Чыгышты көздөй жылышы жана Украинада аскердик коркунучтарды шартташы ЕККУ иштеген региондогу коопсуздук жаатында жетишилген ийгиликтердин баарын жокко чыгарып, альянстын зарылдыгынан күмөн жаратууда.
Эртеби-кечпи, Украинадагы согуш токтойт, ошондо жамааттык Батыш жаңы реалдуулук менен бет келет. Тараптар кайрадан Европадагы жаңы чек араларды таануу менен тынч жашоо эрежелерин иштеп чыгууга, Евразиядагы тең жана бөлүнгүс коопсуздуктун жаңы контурларын аныктоого аргасыз болот. Анткен менен бул жерде биз көңүл бура турган нерсе башка — Борбор Азия республикалары евразиялык мейкиндиктин бир бөлүгү жана Россиянын жакын союздашы катары кайсы бир деңгээлде Евразия эле эмес жалпы дүйнөнүн жаңы образын түзүүгө багытталган эрежелерди иштеп чыгуучу процесске тартылары анык.