Баткенде бир нече күндөн бери изделип жаткан аялдын сөөгү табылды

Маркумдун сөөгү Рават айылындагы тоо боорунан табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Баткенде 29 жаштагы Р. кызы Н. аттуу аялдын сөөгү табылды. Анын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонун ӨКМ кабарлады.
Ак-Татыр айылына кеткен аялды куткаруучулар 27-февралдан бери издеп жаткан.
Сөөгү кечээ саат 16:12де Рават айылындагы тоо боорунан табылып, жакындарына өткөрүп берилген.
Алгач аны милиция кызматкерлери издеп баштап, андан кийин ӨКМден 31 куткаруучу тартылганы айтылды.
Бишкектин четинде ойноп жаткан 5 бала сууга түшүп кетип, экөө каза болду