Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда Жалал-Абад облусунун Орто Азия айылында жарык дүйнөгө келген. Мектеп-интернатты аяктаган соң Фрунзедеги сүрөт окуу жайында билим алган. Эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында сүрөтчүнүн ассистенти, сүрөтчү-коюучу болуп баштаган.
Кыргыз элинин турмушун, нарк-насилин мыкты билген талант "Тянь-Шандын кызы", "Аптап", "Жоро", "Биринчи мугалим" кинофильмдеринде сүрөтчү болгон. КР эл сүрөтчүсү "кыргыз кереметинин" жаралуусуна салым кошуп, советтик режиссер, операторлорго көмөктөшкөн. СССРдин кинематографиясынын мыктысы быйыл 7-январда бул дүйнө менен кош айтышты.
Тема боюнча: