Садыр Жапаров Балыкчыга барып Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү талкуулады

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү
Өлкө башчы Кызыл-Омпол кен жайын иштетүү маселесин козгогон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Садыр Жапаров 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү

2 / 5

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун, Балыкчы шаарынын жана Нарын облусундагы Кочкор районунун активисттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчы алдыда аткарыла турган инвестициялык долбоорлор туурасында айтып берген

3 / 5

Аталган аймакка чектеш жайгашкан Кызыл-Омпол кен жайын иштетүү планы боюнча да талкуу жүрдү. Тургундарга тийиштүү маалымат берилип, алардын суроолоруна эксперттер жана президент жооп берди

4 / 5

Ал эми жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү, инфраструктуралык объектилерди куруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүшкөн

5 / 5

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезде UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын Тоң менен Кочкор райондорунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиясы боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун, Балыкчы шаарынын жана Нарын облусундагы Кочкор районунун активисттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчы алдыда аткарыла турган инвестициялык долбоорлор туурасында айтып берген.
"Аталган аймакка чектеш жайгашкан Кызыл-Омпол кен жайын иштетүү планы боюнча да талкуу жүрдү. Тургундарга тийиштүү маалымат берилип, алардын суроолоруна эксперттер жана президент жооп берди", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү, инфраструктуралык объектилерди куруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүшкөн.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезде UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын Тоң менен Кочкор райондорунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиясы боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон. Социалдык тармактарда элди уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн аудио, видеобилдирүүлөр тараган. Ошондой эле аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
2019-жылдын 26-апрелинде Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уран казууну Ысык-Көлдө эле эмес, жалпы Кыргызстандын аймагында токтотууну талап кылган митинг өткөн. Мындан улам Жогорку Кеңеш менен өкмөт убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган болчу. Андан кийин кытай компаниясынын лицензиясы чакыртылып алынган. Ал эми ошол кездеги президент Жээнбеков Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо иштерине тыюу салган мыйзамга кол койгон.
Радио
Камчыбеков: кен казуу жаатында стратегиялык документ болушу зарыл