85 жашка толмок. Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элеси

Атактуу кинорежиссер, мамлекеттик ишмер Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын залкар уулунун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң борбор калаага келип медициналык институтка өтөт. Бирок аны аягына чейин окуп бүтпөй кинематографияга баш-оту менен кирип кетет. Киностудияда иштеп жүрүп Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунан билим алып келген. Киночу 28 жыл "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп эмгектенип 70тен ашык даректүү тасма, "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильм тарткан. Таланттуу инсан ошондой эле кинодо актер, диктор болуп, үн коштоп да өз күчүн сынаган.
Андан сырткары, калеми курч Кыргыз эл артисти 20дан ашык китепти автору. Анын эмгектери кыргыз, орус тилдеринде жарык көрүп, ырлары обонго салынган.
Кыргыз Республикасынын Баатыры кийин саясатка аралашып Жогорку Кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган. Парламентте курч сөз, ачуу чындыкты айткан аксакал 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
1 / 15

Элетте туулуп-өскөн Дооронбек Садырбаев атасынан эрте ажырап өз киндигин өзү кескен

2 / 15

Фрунзедеги медициналык институтта билим алган кез. Дооронбек Садырбаев оң жагында турат.

3 / 15

Таланттуу инсан 1965-жылы "Алымкан" көркөм тасмасында башкы каарман Токтогулдун образын жараткан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен.

4 / 15

Садырбаев 1962-жылдан баштап "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген

5 / 15

Кинорежиссер "Кнопка" тасмасын тартуу учурунда кичинекей башкы каарман менен, 1973-жыл

6 / 15

Топоздор менен кубалашып тасма тарткан киночулар. Садырбаев так ортодо отуруп алып көз салууда.

7 / 15

КР эл артисти чыгармачыл жолунда 16 көркөм, 70тен ашык даректүү тасма тарткан

8 / 15

СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен иш үстүндө. 1980-жылдар

9 / 15

Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде "Акбаранын көз жашы" фильмин Алайдын бийик тоолорунда тартуу учуру

10 / 15

Жогорку Кеңештин жыйынында отурган эл өкүлү. Саясатчы бир нече чакырылыштын депутаты болуп шайланган.

11 / 15

Парламентте эч кимден коркпой курч сүйлөп, ачуу чындыкты айткан депутат эл арасында

12 / 15

Көп кырдуу таланттын акын, жазуучулук өнөрү да болгон. Залкар инсандын ондогон китеби кыргыз, орус тилдеринде окурмандарга сунушталган.

13 / 15

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн. Жубайлар бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

14 / 15

Небересин эркелеткен чоң ата, ардагер кинорежиссер, саясатчы

15 / 15

Дооронбек Садырбаев быйыл көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок

Тема боюнча:
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү
Кыргыз балетинин чолпон жылдызы эле. Чолпонбек Базарбаевдин сейрек сүрөттөрү
Көп таланттын жылдызы жанган. "Мен — Тянь-Шань" тасмасындагы ирмемдер