Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы Кыргызстан. Тарыхый, сейрек сүрөттөр

Азыркы көз карандысыз Кыргызстандын аймагында өткөн кылымдын башында бир топ урунттуу окуялар болгон. Sputnik агенттиги ошол кездеги кызыктуу сүрөттөрдү сунуштайт.
Sputnik
1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшү, кийинки жылдагы Октябрь революциясы жергиликтүү элге көптөгөн өзгөрүүлөрдү алып келген. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында аймакта саясий окуялар тездик менен өнүгүп, бийлик эл арасында түрдүү жараяндарды өткөргөн. Басмачыларга каршы күрөш күчөп, бай-манаптар кулакка тартылып, эл Коммунисттик партиянын катарына өтүп, карапайым калк арасында жер бөлүштүрүү кызуу жүргөн. Ошол эле маалда болочоктогу советтик республикада арбын социалдык маселелер курчуган. Мисалы, калк арасында түрдүү илдеттер күчөп, айрым аймактарды ачкачылык каптаган. Калк башындагылар аларды чечүүгө далалат кылып, чечкиндүү кадамдарга барган. Бир нече жылдан кийин кыргыздар өзүнүн автономиялуу республикасына ээ болгон.
1 / 13

Ал жылдары Кыргызстандагы келгиндер орун-очок алып калган. Бирок жергиликтүүлөр ортосунда чыр-чатактар болуп турган.

2 / 13

Совет бийлигин орнотууда басмачыларга каршы күрөшкөн жигиттер. 1920-жылдар

3 / 13

Кыйын күндөрдөн бир элес. Келин кой саап уулдарынын курсагын тойгузууга аракет кылууда. 1928-жыл

4 / 13

Пишпек шаарынын ортосундагы ун базар

5 / 13

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Эл комиссарлар кеңешинин имаратын курууга кол кабыш кылган төрага Абдыкадыр Орозбеков. 1925-жыл

6 / 13

Борбор калаадагы Эл комиссарлар кеңешинин имаратынын курулушу. 1927-жыл

7 / 13

Чечек илдетине каршы райондорду кыдырып элди эмдеген ак халатчандар. Бул жугуштуу оору эле. 1920-жылдар

8 / 13

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлөрү. Ошол кезде алар эл башында турган.

9 / 13

Кыргызстандын экинчи борбору саналган Ош шаарынын чет жакасы. 1926-жыл

10 / 13

Айылдык кеңештин мүчөлөрү жергиликтүү тургундун малын катоодо. Нарын облусу, 1926-жыл.

11 / 13

Пишпек шаарынын көчөлөрүнүн бири

12 / 13

Нарын. Алачыкта жашаган кичинекейлер. 1926-жыл

13 / 13

"Кой-Сары" курортуна келген эс алуучулар. Ысык-Көл облусу, 1929-жыл.

Тема боюнча:
1.
Бир кылым мурунку жашоо. Саякатчылардын Борбор Азиядан тарткан сүрөттөрү
2.
Октябрь революциясынан кийинки элдин деми. Кылым карыткан сүрөттөр
3.
42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян
4.
Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр
5.
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр