Бир кылым мурунку жашоо. Саякатчылардын Борбор Азиядан тарткан сүрөттөрү

Борбор Азия чөлкөмү аркылуу XIX кылым жана XX кылымдын башында көптөгөн саякатчылар өткөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги аймакта тартылган архивдик сүрөттөрдү сунуштайт.
Sputnik
Көп улуттуу, тарыхы бай Борбор Азия саякатчы, илимпоз, изилдөөчүлөр үчүн дайым кызык болуп келген. Базар, кыштак, кокту-колоттордон тартылган ал таберик сүрөттөр учурда дүйнөнүн булуң-бурчундагы китепкана, музейлерде сакталып турат.
1 / 13

Боз үйгө керектүү буюмдарды базарда саткан кыргыз. XIX кылымдын соңу.

2 / 13

Пишпек шаарынын так ортосунда кымыз саткан кыз-келиндер. XX кылымдын башы.

3 / 13

Элдин буюм-тайымын кайраган кыргыз. Сүрөттү XIX кылымдын экинчи жарымында генерал Константин Петрович фон Кауфман тарттырган.

4 / 13

Өзбекстандын Үргөнч шаарындагы коомдук тартипти камсыздаган атчандар. XX кылымдын башы.

5 / 13

Кыргызстанга 1902-жылы келген саякатчы Готфрид Мерцбахер тарткан бүркүтчүлөр

6 / 13

Колунда бар кыргыздын үйүнө үй-бүлөсү менен мейманга келген орус офицери. Сүрөт XX кылымдын башында тартылган.

7 / 13

Базарга келген жергиликтүүлөр

8 / 13

Талаадан камыш жыйнап келип базарда саткан тургун. Ташкент шаары, 1870-80-жылдар.

9 / 13

Жол жүрүп баратып шам-шум экен кыргыздар. Жалал-Абад облусу, XIX кылымдын соңу.

10 / 13

Сыр-Дарыя облусунда көчүп-конгон кыргыздар. Сүрөт 1870-жылдары тартылган.

11 / 13

Борбор Азия элдеринин көпчүлүгү ушундай суу тегирмендерди кеңири колдонгон

12 / 13

Элдин бүйүрүн кызыткан беттеш көргөзгөн балбандар кыргыз күрөшү боюнча ат салышууда

13 / 13

Жайлоодо бала-бакыра, жакындары менен өз турмушун уланткан кыргыздар

Тема боюнча:
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр
Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Октябрь революциясынан кийинки элдин деми. Кылым карыткан сүрөттөр