БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
"Улан Уезбаевге Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келген. Буга байланыштуу мэр Айбек Жунушалиев Уезбаевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду", — деп жазылат маалыматта.
Улан Уезбаев аталган кызматка 2023-жылдын ноябрында Нурдан Орунтаев Архитектура агенттигинин директору болуп дайындалгандан кийин келген. Анда Орунтаевдин ордуна вице-мэр болуп Азамат Кадыров дайындалса, Кадыровдун ордуна ошол кезде анын орун басары болуп жүргөн Уезбаев барган.
Ал жол инфраструктурасы, башкача айтканда, автобус тилкелери, бир тараптуу жолдор жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооптуу болчу.
Бул кызматка дайындалып жаткан учурда Биринчи май райондук соту аны 45 миң доллар пара талап кылган (ал кезде транспорт министринин орун басары болчу) деген айыптоодон актаган. Бирок Бишкек шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, мөөнөтү эскиргендиктен жаза колдонулган эмес. Эми ишти Жогорку сот карайт.
"Мэрия тууралуу терс маанайдагы пикир жаралбашы үчүн өз алдымча кетүүнү чечтим", — деди Уезбаев бизге берген комментарийинде.