Чарчап-чаалыкпаган жаратман. Табылды Эгембердиевдин жашоосунан сүрөт баян

Бүгүн - белгилүү коомдук ишмер, ири ишканалардын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин туулган күнү. Жаратман инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 73 жашка толмок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Шоронун атасынын" сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Табылды Эгембердиев 1950-жылы 28-декабрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Букара айылында жарык дүйнөгө келген. 13 жашында атасынан ажырап, апасынын колуна кол, бутуна бут болуп оор турмушту башынан өткөргөн. Мектепти аяктаган соң Фрунзедеги политехникалык институтка тапшырып инженер-куруучу кесибин алып чыгат. Эмгек жолун окутуучулуктан баштап куруучу-прораб болуп да иштеген. Кийин коомдук иштерге жигердүү аралашып, 90-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) Башкаруу кеңешинин мүчөсү, катчы болуп, байма-бай курч макалаларды жарыялап турган.
Эгембердиев андан соң ишкерлик менен алектенип, улуттук суусундуктардын түрүн чыгара баштайт. 2009-жылы "Супара" этнокомплексин, 2014-жылы "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын түптөгөн. Чарчабаган жаратман ишкер 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам дүйнө салган.
1 / 15

Атасы Бердигул 50 жашында көргөн уулуна Табылды деген ысым берген

2 / 15

Табылды 13 жашында атасынан ажырап, апасына кол кабыш кылып, жакындарына тирек болгон

3 / 15

Мугалим, инженер-куруучу болуп иштеген Эгембердиев келечекке чыйыр жол салууну көздөп 12 жыл тынбай күнү-түнү китеп окуган

4 / 15

90-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү болуп өлкөдөгү коомдук-саясий иштерге катышкан

5 / 15

Коомдук ишмер белгилүү дипломат Ишенбай Абдразаков менен

6 / 15

Жеке ишкер Табылды Эгембердиев иниси Жумадыл Эгембердиевдин балдары менен спорттук иш-чарага күйөрмандык кылууда. Бишкек шаары, 1998-жыл

7 / 15

Эмгекчил ата алты баланы тарбиялап өстүргөн

8 / 15

Кылымдарды карыткан улуттук суусундуктарды дүйнөгө таратам деген "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү

9 / 15

Эл аралык көргөзмөлөргө барган ага-ини: Табылды жана Жумадил Эгембердиевдер

10 / 15

Жаратмандын баштаганы азыркыга чейин уланып, миңдеген адамды иш менен камсыздап келет

11 / 15

Ишкер спорттук мелдештерди, спортчуларды ар тараптан колдоп, алардын күйөрманы эле

12 / 15

Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн инсан тоо туризмин өнүктүрүү максатында 2009-жылы "Супара" этнокомплексин, 2014-жылы "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын ачкан. Сүрөттө ал жакындары, тууган-туушкандары менен "Супарада"

13 / 15

Коомдук ишмер дайым изденүүнүн үстүндө жүрүп, жаратмандыкка талпынган

14 / 15

Ала-Арча жаратылыш паркында достору менен чер жазган ишкер. 1998-жыл

15 / 15

"Шоронун" негиздөөчүсү, публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда кайтыш болуп, сөөгү Таш-Мойнок айылынын үстүнө коюлган

Тема боюнча:
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Сахнадагы 50 жыл. Таланттуу актриса Назира Мамбетованын сүрөттөрү
АКШ, Европанын театрлары кызыккан. Алтын үндүү Керим Тураповдун сүрөттөрү