Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү чыктыбы? Министрдин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү жайылып жатабы? Мындай суроону парламентте депутат Алишер Козуев узатты.
Анын айтымында, өлкөдө вирустук илдеттер күчөп, ооруканаларда кезек күткөндөр көп болууда.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев азыркы кезде грипптин бир түрү жүрүп жатканын айтты. Бул боюнча бардык аракеттер көрүлүп, мобилдик клиникалар ачылууда.
Буга ынанбаган эл өкүлү: "Бул ковидби же коронавирустун жаңы түрүбү?" — деп тактап сурады.
Министр коронавирус 5 эле адамдан аныкталганын, калганы грипптин В түрү менен ооруп жатканын билдирди.
Кыргызстанда сасык тумоо жуктургандар көбөйдү