Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси

Мындан бир жыл мурун 17-декабрда КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев дүйнөдөн кайткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу актёрду эскерди.
Sputnik
Азиз Мурадилаев 1978-жылы 12-июнда Бишкекте театр ишмерлеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал да ата-энесинин жолу менен кетип Кыргыз драма театрынын алдындагы студияда, Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайында кесипке ээ болгон. Актер театрда "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона", "Төлгө", "Макбет", “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу” өңдүү 40тан ашык спектаклде ойноп, бир катар кинорежиссерлордун эмгектеринде роль жараткан.
Жеке жашоосунда курсташы Элвира Жумалиевага баш кошуп, түгөйлөр эки уулдуу болгон. КР эмгек сиңирген артисти акыркы жылдары боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) менен ооруп, өткөн жылы 44 жашында ооруканада көз жумган.
Тема боюнча:
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Сахнадагы 50 жыл. Таланттуу актриса Назира Мамбетованын сүрөттөрү
АКШ, Европанын театрлары кызыккан. Алтын үндүү Керим Тураповдун сүрөттөрү