Ош ОИИБ башчысынын үч орун басары мушташып, иштен алынды. Видео

Милиционерлер өз ара пикир келишпестиктен улам чырдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин полковник наамындагы үч орун басарынын мушташканы тастыкталып, кызматтан бошотулганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин соцтармакта Ош ОИИБдин жетекчилик курамындагылар өз ара келишпестиктен улам мушташып жатат деген маалымат жана видео тараган. Анда мушташтан кийин бирөөнүн бети жарылып жерде жатып, аны экинчиси араң тургузуп жатканын көрүүгө болот.
Талкууга алынган окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгондугу такталып, бул иш милициянын электрондук журналына катталган. Жерине тиешелүү органдар барып, мушташ болгонун аныкташкан.
Жаңжал пикир келишпестиктен улам чыкканы айтылды.
"Мындан улам Ош ОИИБдин жетекчисинин ыкчам иштери боюнча орун басары Алмаз Усеналиев, коомдук коопсуздук боюнча орун басары Салмоорбек Шералиев жана кадр иштери боюнча орун басары Улан Асанбаев кызматтан четтетилди. Ал эми начальник Жеңиш Жоробековго "кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө" эскертүү тартип жазасы берилди", — деп жазылат маалыматта.
Тергөөнү Ош шаардык милициясы жүргүзүп жатканы, топтолгон материал тийиштүү органдарга жиберилип, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери кошумчаланды.
Жалал-Абадда жапырт мушташ болуп төрт улан кармалды