Депозит — Кыргыз Республикасындагы акча сактоонун эң кеңири колдонулган түрү. Жыл сайын тааныштарымдын арасында да акча топтоонун ушул жолуна катуу кызыгып же банкка аманат салгандардын саны арбып барат. Тактап өтөйүн, төмөндө тизмектеген кеңештердин баары жеке жактарга тиешелүү.
Депозит деген эмне?
Депозит (аманат) — сактоо жана пайызынан киреше көрүү максатында банкка акча салуу. Банк өз кезегинде алардын эсебинен насыя берип, аманат менен карыздын ортосундагы айырмадан киреше табат. Башкача айтканда, банк сиздин акчаңыздан пайдаланып, бул үчүн сый акы төлөйт.
Депозиттер ар кандай максатта: ири көлөмдөгү сатып алуулар, балдардын келечегин камсыздоо, эс алууга акча чогултуу, тыйын-тыпыр топтоо жана башкалар үчүн банкка салынат.
Аманаттын артыкчылыктары
Депозиттердин бир катар оң жагы бар, негизгилерине гана токтололу.
Салымдын кеңири белгилүү түрү
Улуттук банктын маалыматтарына таянуу менен маалымат каражаттары жакында эле кыргызстандыктар депозит жана мал сатып алуу акча чогултуунун эң коопсуз түрү катары көрөрүн жазып чыгышты. Статистика да муну тастыктайт.
Сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча, КР банктарында 148 миллиард сомдон ашуун көлөмдөгү мөөнөттүү салым жана талап кылынганга чейинки аманат (кеп жеке жактар туурасында гана) сакталат. Өткөн жылдын аягында бул көрсөткүч 125 миллиардга көбүрөөк эле.
Кепилденген көлөм
Каржылык мекеменин иши жүрүшпөй калган учурдагы кепилденген сумма азыр 1 миллион сомду түзүп калды. Мурда 200 миң сом болсо, жакында эле бул көлөм беш эсе көбөйтүлдү. Айтмакчы, бир банк салымынын орточо көлөмү бир нече миң сомдон ашпайт. Кайсы валютада салганыңыздын айырмасы жок, кепилдик баарына тиешелүү. Анткен менен кокус банк банкрот болуп калса, сизге ала турган күнүңүздөгү КР Улуттук банкынын расмий курсу боюнча гана кайтарылат.
Азыркы тапта өлкөдөгү бардык банктар депозиттерди коргоо тутумуна кошулган, бирок сиз качан болбосун маалыматты бул шилтеме аркылуу тактап алсаңыз болот.
Салымдардын сактыгы
Акчаны үйдүн бир бурчуна катып коюу дайым эле коопсуз эмес. Уурдатып же кокус тооруган кырсыктан улам куру жалак калышыңыз ыктымал. Депозитте андай тобокелдик жок.
Инфляцияга каршы күрөш
Банктагы акча пайыз деп аталган кирешени алып келет. Ченине жараша пайыздар акчанын нарксызданышын жаап же жыйнаган тыйыныңыздын инфляция "жалмап" кетишине толук бөгөт боло алышат.
Инфляция — кооптуу көрүнүш, соңку жылдары эле баалар кандай көтөрүлгөнүн караңыз, болжол менен акча дал ошончого нарксызданып кетти.
Кайда салууга баш катырбайсыз
Депозиттердин так белгиленген пайыздык чени бар, ошондуктан киреше алуу үчүн кайда салым салуу керектиги боюнча маселе жаралбайт. Бул – банктын маселеси жана милдети. Албетте, кыйла чоң пайда алып келе турган салымдардын он чакты түрүн санап берген тааныштар көпчүлүгүңүздөрдө бар, бирок адатта аларга өзүңүз активдүү катышууңуз керек. Ал эми депозит — пассивдүү киреше булагы, анткени андан киреше көрүүгө убара деле тартпайсыз.
Каражатты жөн эле алышка болбойт
Аманатка салынган акчаны көз ирмемдик нерсе үчүн коротуп жибере албайсыз. Ал үчүн адегенде банкка баруу керек. Демек, тыйыныңыз капчыгыңызда эмес, өзүңүздөн обочо болгондуктан пландалбаган, акыл калчанбаган сатып алууларга барбайсыз. Бул каржылык сабаттуулугу чала жоюлгандар үчүн жакшы адат эмеспи, кандай дейсиз? Албетте, бүгүн аманатты онлайн ачып-жабууга шарт түзгөн банктар да жок эмес. Андай түрлөрүн колдонбоого тырышам, себеби акчамды сарптап коюшум мүмкүн.
Мобилдик тиркеме аркылуу ачып, бирок мөөнөтүнөн эрте жабуу үчүн банктын жакынкы филиалына барууга туура келген салымдардын түрлөрү да жок эмес.
Онлайн толуктап туруу мүмкүнчүлүгү
Банкка улам каттап, кезек күтүүнү жактырбагандар үчүн жагымдуу кабар: депозиттерди мобилдик тиркеме аркылуу толуктап турууга болот.
Эртеңки күнгө ишеним берет
Депозит сизди келечекке чоң ишеним менен кадам шилтетет. Салым кай бир убакка дейре айлыксыз жашап же күтүлбөгөн чыгымдарды (ремонт, дарылануу жана башка) жабууга мүмкүндүк берет.
Депозиттердин терс тарабы
Негизи эле салымдардын түк кынтыксыз болгону жок! Ал тургай алтындын да "кемчиликтерин" табууга болот. Банкка аманат салуунун деле терс тарабы жок эмес. Айрым артыкчылыктары деле башка жагынан кемчилиги катары чыга келет.
Тез пайдалана албайсың
Капыстан акчага зарылып калсаңыз аманаттагы акчаны дароо, айрыкча дем алыш күндөрү ала албайсыз. Банктардын бардык бөлүмдөрү эле ишемби жана жекшемби күндөрү иштей бербейт.
Мында жарым-жартылай алуу (терс жагы – анын пайызы кыйла төмөн) жана онлайн-жабуу мүмкүнчүлүгү көмөкчү болор.
Чет элдик валютада пайыз чени төмөн
Топтогон тыйынын чет элдик валютада сактоону туура көргөндөргө бир аз жагымсыз кабар. Маселен, доллар менен салынган аманаттардын пайыздык чени төмөн (адатта 1-3 пайыз), ал эми евро менен көбүнесе андан да аз.
Ошол эле учурда сом түрүндөгү аманаттардын пайыздык чени 15ке чейин жетерин эске түйүңүз. Айрым банктарда мөөнөтүнөн эрте ала турган кардар пайыздарынан кур жалак калса башка банктарда бир бөлүгү гана берилбейт. Пайыздардын баарын сактап калуу дээрлик мүмкүн эмес.
Пайыздар инфляцияны жаба албай да калат
Туруктуу жылдары салымдар аз болсо да киреше алып келет. Бирок каатчыл убакта баанын кескин өтүп кетишинен улам жоготуулар болушу мүмкүн.
Нюанс жана амалдар
Көп киреше алууга өбөлгө болуучу, ошондой эле депозиттин терс тараптарынын таасирин азайтуу боюнча кеп-кеңештер жетиштүү.
Капиталдаштыруу
Капиталдаштырууда пайыздар аманаттарга гана эмес, бирок алынган пайыздарга да кошулат. Эмне үчүн бул пайдалуу? Эки жылга аманатка салынган 100 миң сомду карап көрөлү:
Капиталдаштырылбаса 10 пайыздык ченде таза киреше 20 миң сомду түзөт;
Квартал сайын капиталдаштырылса 9,5 пайыздык ченде таза киреше дээрлик 20,7 миң сомго (ай сайын капиталдаштыруу мындан да пайдалуу) жетет. Демек, эгер сумма чоң, ал эми салымдын мөөнөтү узагыраак болсо, капитализациядан пайда көбүрөөк болот. Айтмакчы, сиз ушундай вариант таап калсаңыз келишим түзүүдө капиталдаштыруу опциясын жандырып коюуну өтүнүүнү унутпаңыз.
Ыңгайлуу салым түрүн тандаңыз
Колуңузда бир кыйла сумма бар дейли, бирок болду-болбоду, ал акчанын бир бөлүгү сизге зарыл. Мындай учурга депозиттер жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Алардын пайыздары төмөн, анткен менен кирешелердин баарын жоготпойсуз. Бөлүштүрүлгөн депозиттерди ачкан оң. Маселен, бардык каражаттарды бир же эки салымда кармабастан: эс алуу, балдарга, ири сатып алуулар жана башкага деп бөлүштүрүп коюу дурус. Ар бирин өзүнчө чогултканда туура эмес пайдаланып салуудан алыс болосуз.
Ставкага ээ болуу мүмкүнчүлүгү
Мында эки нюансты эске алуу абзел:
ставкалар тез-тез өзгөрөт: жогорулап да, төмөндөп да турат;
депозит ачкандагы ставка келишимдин мөөнөтү бүткөнчө өзгөрбөйт.
Демек, депозиттер боюнча ставкалар өсүп жатса жогорку пайыз, узак убакытка жана толуктап туруу мүмкүнчүлүгү менен азыраак сумма болсо да аманатты салып койгонуңуз ашыкча болбойт. Башкача айтканда, кыйла дурус ставкадан пайдаланып калууга үлгүрсөңүз болот.
Акчаны "ар капчыкта" сактоо далалаты
Мындай чечимдин эки артыкчылыгы бар. Биринчиден, акчага зарылсаңыз, пайыздардын бир бөлүгү же толугу менен кур жалак калып же бирдиктүү депозитти "бөлүштүрүп" убара тартпайсыз. Себеби сумма канчалык чоң болсо, жоготуу ошончолук жагымсыз. Мындан тышкары, аманаттагы сумма толугу менен ушул тапта зарыл эмес чыгар, балким жарымы эле керек, ал эми депозитти бузуу менен бүт акчаны сарптап алуу тобокелдиги бар.
Экинчи артыкчылыгы: эгер миллиондон ашык акчаңыз болсо, албетте, бир нечеге бөлүп, ар бири пайыздары менен миллиондон азыраак болгудай кылып депозитке салганыңыз дурус. Каражаттын баарын бир жерде кармаган болбойт.
Аманатты кайсы валютада салган оң?
Финансисттер депозитти ар кайсы валютада ачууну сунушташат. Улуттук банктын бир кездеги башчысы Толкунбек Абдыгулов топтогон каражатты үчкө бөлүп, эки бөлүгүн сом жана доллар түрүндө, үчүнчү бөлүгүн алтын куймаларын алууга кеңеш берген. Бир валютада же тек жол менен акча сактоо кооптуу экенин, акчадан кол жууп калуу коркунучу бар экенин эскерткен.