Сахнадагы 50 жыл. Таланттуу актриса Назира Мамбетованын сүрөттөрү

Белгилүү актриса Назира Мамбетованын 75 жылдыгына карата бир катар маданий иш-чаралар уюштурулууда. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги сахна жылдызынын сүрөттөрүн чогултту.
Sputnik
Назира Мамбетова 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң Москвадагы Театралдык институттун актерлук факультетинде окуган. Жогорку кесипке ээ болгон болочоктогу атактуу актриса 24 жашында Ош улуттук драма театрында эмгек жолун баштайт.
Актриса сахнада ондогон образды жаратып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Кийин борбор калаадагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, кинематографисттер менен кызматташып тасмаларда роль жараткан. КР эл артисти азыр да театрда эмгектенип, жаштарга жол көрсөтүп келет.
1 / 12

Жаш талант Москвада жогорку окуу жайды бүтүрүп келип эле театрдын босогосун аттаган

11 / 12

"Суфлер" спектаклинен көрүнүш

Тема боюнча:
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
Айтматов чыгармачылыгын жогору баалаган. Саламат Садыкованын сүрөттөрү
АКШ, Европанын театрлары кызыккан. Алтын үндүү Керим Тураповдун сүрөттөрү