БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору аба ырайы адамдын абалына, маанайына эмне себептен таасир берерин түшүндүрдү. Борбордун билдирүүсүндө белгиленгендей, адамдын денеси 37 градуска жакын температураны кармайт, буга байланыштуу абанын температурасынын өзгөрүшү биздин организмге таасирин тийгизет.
Аба ырайы айрымдардын маанайына, иш жөндөмдүүлүгүнө, өнөкөт ооруларына катуу таасир этет, мындай абал өзгөчө улгайган адамдарда көп кездешет.
Жашы өткөн адамдарда метеокөз карандылык, демейде, аба ырайынын өзгөрүшүнөн 1-2 күн мурун байкалып, бир нече күнгө чейин уланат.
Анын белгилери:
кыжырдануу;
алсыздык;
көңүлү бир жерде болбоо;
кан басымдын түшүшү же көтөрүлүшү;
булчуңдардын оорушу;
айрымдардын мурду канайт;
баш айлануу;
баш ооруйт жана башка өнөкөт илдеттер өрчүйт.
Борбордун адистери аба ырайынын суукташынан улам абалдын өзгөрүшүнүн алдын алуу жолдорун сунушташты.
Эртең менен сөзсүз түрдө дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаңыз. Күн ичинде кыска убакытка дене ийкемдүүлүккө көнө турган кыймылдарды да жасап турган оң. Бул аракеттер кан айланууну жакшыртып, муун, булчуңдарга күч берет.
Уйкунун суткадагы убактысы 7-8 сааттан кем болбошу керек. Жакшы уйку – мээнин иштешине өбөлгө түзөт.
Суткасына 1,5 литрден кем эмес суу ичиңиз. Кофе болсо күнүнө 1-2 кружкадан ашпаганы туура, ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктен алыс болуу сунушталат.
Туура тамактануу аба ырайы өзгөрсө да адамдын абалынын туруктуу кармалышына жардам берет. Күнүмдүк тамак-ашыңыздын курамында ар кандай консервант, даам берүүчү заттар эмес, витаминдер, табигый азыктар болушуна маани бериңиз.