АКШ, Европанын театрлары кызыккан. Алтын үндүү Керим Тураповдун сүрөттөрү

Бүгүн КР эл артисти, белгилүү опера ырчысы Керим Тураповдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 64 жашка чыккан таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Керим Турапов 1959-жылы 10-октябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Ыр-күүгө жакын жаш талант мектепти аяктаган соң Оштогу музыкалык окуу жайдын вокалдык бөлүмүн, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Эмгек жолун студент кезинде Мамлекеттик телерадионун симфониялык оркестринде баштаган. Кенен диапазондуу лирикалык тенор кийин дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды сахнада аткарган. Таланттуу инсанды Россия, Америка, Германиянын театрлары жумушка чакырган учурлары да болгон.
Чыгармачылык менен биргеликте Турапов Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясын, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрын жетектеген. Андан сырткары, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу болуп иштеген.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ыр жазып, обон чыгарган жайы да бар. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору азыр да чыгармачылык менен алек.
1 / 13

Болочоктогу ырчы үй-бүлөдөгү 16 баланын эң кичүүсү болгон. Сүрөттө ал атасы менен

2 / 13

Москвадагы концертке катышып интервью берген жаш талант. 1989-жыл

3 / 13

Керим Турапов эмгек жолун студент кезинде Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз академиялык симфониялык оркестринде солист болуп баштаган. Сүрөттө ал атактуу италиялык опера ырчысы Роберто Лорети менен. 1988-жыл

4 / 13

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир катар театр, филармонияда эмгектенип, аларды жетектеп калган

5 / 13

КР эл артисти Керим Турапов СССРдин эл артисти, атактуу россиялык аткаруучу Иосиф Кобзон менен

6 / 13

Опера ырчысы көбүнчө лирикалык чыгармаларды ийине жеткире аткарып келет

7 / 13

Коңур үндүү аткаруучуну кезинде Россия, АКШ, Германиянын театрлары иштешүүгө чакырган

8 / 13

Турапов 100дөн ашык чыгарманы оркестрдин коштоосунда аткарып Кыргыз телерадиосуна жаздырган

9 / 13

Керим Турапов россиялык кесиптеши Сергей Захаров менен

10 / 13

Атагы алыска кеткен талант чет элдик кесиптештери менен кызматташып турат

11 / 13

Кытайга гастролдоп барып, ал жактагы кыргыздар менен амандашкан ырчы

12 / 13

Опера ырчысы азыр жогорку деңгээлдеги маданий иш-чараларга байма-бай катышып турат

13 / 13

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Жубайлар азыр неберелеринин кучагында

Тема боюнча:
Айтматов чыгармачылыгын жогору баалаган. Саламат Садыкованын сүрөттөрү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
Жетим өсүп жетилген... Абдыганы Эркебаевдин сүрөттөгү өмүр жолу
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Көп кырдуу талант... 65 жашка чыккан Күмөндөр Абыловдун сүрөттөгү ирмемдери