Нацистти көкөлөткөн Канада премьери Трюдо кечирим сурады, бирок... Видео

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Архив
Буга чейин Канаданын Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота отставкага кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо парламентте нацист Ярослав Хунканы чакырып, даңктап, урматтаган катачылыгы үчүн кечирим сурады. Бирок бул алааматтан азап тарткан СССР элин эстеген жок.
Видеону Sputnik Ближнее зарубежье телеграм-каналы таратты.
Буга чейин аталган чатактан Канаданын Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аны парламентке кол чаап тосуп алганы үчүн кечирим сурап, отставкага кеткен.
Эми дүйнө элинин алдында Трюдо кечирим сурады.
"Ошол, жума күнү палатада болгондор туруп алып кол чаап, коштогонубуз үчүн кечирим сурайбыз. Биз муну анын артында эмне турганын билбей жасаптырбыз", — деген ал журналисттер үчүн жасаган билдирүүсүндө.
Анын айтымына караганда, бул Дүйнөлүк экинчи согуш учурунда Холокосттун курмандыктарынын жана нацизмден жабыр тарткандарды мазактоо болуп калганын белгилеген.
"Канада мындай кырдаал түзүлүп калганына өтө өкүнүп турат", — деген Трюдо.
Эске салсак, Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аталган адамдын өмүр баяны менен жакшы тааныш болбогондугун айтып, катасын мойнуна алып, Хункага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сурады. Ал эми Канададагы оппозиция лидери Пьер Пуальевр премьер Трюдодон нацистти чакырганы үчүн анын жеке өзүнүн кечирим суроосун талап кылды. Канадалык өкмөт башчы ал өзү да, Владимир Зеленскийдин делегациясы да Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирген.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн Россияда тыюу салынган уюм
Канада парламентинде нацисттин даңазаланышы. Батыштын максаты ачыкталдыбы