Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү

КР эл артисти Жамал Сейдакматованын көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ысык-Көлдүн Темир айылында өсүп, Фрунзеде билим алган. Мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Табиятынан маданиятка жакын студент 2-курста окуусун таштап, борбор калаадагы театрга кирип алган. Болочоктогу атактуу актрисанын жөндөмүн ал жактагы Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова байкап, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алдырган. Сахнада Сейдакматова лирикалык, драмалык, комедиялык ондогон образдарды жаратып, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 32 жылдай эмгектенген. Кийин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өзү "Тунгуч" театрын негиздеп, жаш таланттарга жол ачкан. Андан сырткары, 20дан ашык тасмада түрдүү образ жаратып, 2021-жылы 16-февралда узакка созулган оорудан улам 82 жашында дүйнө салган.
1 / 15

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинокартинасында актриса Жамалдын образында, 1974-жыл

2 / 15

Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" тасмасында Үтүр устанын (Сүймөнкул Чокморов) ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева). 1971-жыл. Ошол тасмада актрисанын боюнан түшүп калган

3 / 15

КР эл артисти 32 жылдай Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында иштеген. Сүрөттө устаты Сабира Күмүшалиева менен

4 / 15

КР эл артисти Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминде роль жараткан Жамал Сейдакматова менен Сүймөнкул Чокморов

5 / 15

"Кыргыз кереметинин" башында тургандар. Жамал Сейдакматова, Чыңгыз Айтматов, Бакен Кыдыкеева

6 / 15

Сейдакматова актрисалык жогорку билими жок эле өз кесибинин майын чыгарган

7 / 15

КР эл артисттери: Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов, Айтурган Темирова жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев. Фрунзе шаары, 1970-жылдар

8 / 15

КР эл артисти 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан

9 / 15

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КР эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында роль жараткан эпизод. Ысык-Көл облусу, 1977-жыл

10 / 15

Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" тасмасындагы чыгармачыл топ. Сүрөттө Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов жана Дооронбек Садырбаев

11 / 15

"Ак илбирстин тукумундагы" сулуулар: солдон оңду карай Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова, Гүлнара Чокубаева

12 / 15

Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен. 1982-жыл

13 / 15

Жамал Сейдакматова 1990-жылы "Тунгуч" театрын ачып, чыгармачыл топтун башында турган. Сүрөттө театрдын артисттери

14 / 15

Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен

15 / 15

II жана III даражадагы Манас орденинин ээси өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин шайыр, шайдоот жүргөнгө аракет кылган

Тема боюнча:
Жетим өсүп жетилген... Абдыганы Эркебаевдин сүрөттөгү өмүр жолу
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Көп кырдуу талант... 65 жашка чыккан Күмөндөр Абыловдун сүрөттөгү ирмемдери
Далайдын дартына даба тапкан Сабырбек Жумабеков. Хирургдун жашоосунан сүрөт баян
Чыгармалары менен дүйнө кезген Султан Раев 65 жашта. Сүрөт баян