Абдыганы Эркебаев 1953-жылы 1-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылында жарык дүйнөгө келген. Эки жашында атасынан, үчкө чыкканда апасынан айрылып жетим калган. Оор турмушта курсак тойгузууну эңсеген бала элдин малын кайтарып өскөн. Элеттеги мектеп-интернатты аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетинде окуп, Москвадагы Илимдер академиясында аспирантурада билим алган. Эмгек жолун Борбордук комитетте лектор болуп иштөө менен баштап, "Кыргызстан маданияты" гезитинин башкы редакторунун орун басары, Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору кызматына чейин жеткен. Ал эми саясатка аралашкан 90-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, басма сөз жана маалымат министри, вице-премьер, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы кызматтарында иштеген. Андан сырткары, Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору, Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы кызматтарын аркалаган. Саясатчы ошол эле маалда коомдук иштер менен биргеликте жазмакерлигин токтотпой эмгектерин окурмандарга сунуштап келет.
Тема боюнча: