Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр

Кыргызстан да кезинде жүздөгөн ишкана иштетип, продукциясын алыскы мамлекеттерге чейин экспорттоого жетишкен. Sputnik агенттиги ата мекендик өндүрүштүн архивдик ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз ССРинин аймагына өнөр жайы согуштан кийинки жылдары болуп көрбөгөндөй өнүгүп, 1966-жылдан 1985-жылга чейин эле 150дөн ашык ишкана ишке кирген. Ал завод-фабрикалардан кездеме, арак-шарап, кийим-кече, бут кийим, дары-дармек, лампа, кир жуучу машина, балдар оюнчуктары, тамга терүүчү машиналар, мылтыктын окторунан баштап автосамосвал, электр кыймылдаткыч, радиаторлордун түрү чыккан. Советтик Кыргызстандын өнөр жайы 130дан ашык тармактан туруп, 4000ден ашык аталыштагы товарларды сунуштаган. Өлкө аймагынан чыккан айрым продукциялар Германия, Финляндия, Куба, Түркия, Болгария, Монголия, Венгрия, Индия, Алжир өңдүү ондогон өлкөлөргө экспорттолгон.
1 / 15

Фрунзедеги "Тяжэлектромаш" заводу СССРдеги электрондук жабдууларды чыгарган эң ири ишканалардын бири болгон. Сүрөттө заводдун инженерлери. 1974-жыл.

2 / 15

Фрунзе заводунун чабылган чөптү жыйноочу машиналары. Алар 50дөн ашык өлкөгө экспорттолгон.

3 / 15

Токтогул ГЭСинде гидроагрегат орнотуу иши. 80-жылдардын орто ченинде республикада 11 миллиард киловатт-саат электр жарыгы өндүрүлгөн.

4 / 15

Союз учурунда республикада көп курулуш материалдары чыккан, алардын бири Токмок шаарындагы айнек заводу. 1984-жыл.

5 / 15

Борбор калаадагы шаардык сүт завод. Мындай ишканалар союз маалында аймактарда да иштеген.

6 / 15

Кыргызстандын сурьмасы, сымабы, союзда жогору бааланган. Айдаркен шаарындагы сымап комбинаты.

7 / 15

Элдин эсинен азыркыга чейин кетпеген "Киргизия" кир жуучу машиналары

8 / 15

Фрунзедеги электровакуум заводу элдин керектөөсүнө зарыл болгон бир топ жабдууларды чыгарган. 1984-жыл.

9 / 15

Кенафтан түрдүү продукцияларды чыгарган борбор калаадагы фабрика

10 / 15

Оштогу атактуу текстиль комбинаты. 1985-жыл.

11 / 15

Фрунзе автоунаа чогултуучу заводунун даяр продукциялары. Ал унаалар башка союздук республикаларга да жөнөтүлгөн.

12 / 15

Электр кыймылдаткычтардын түрүн чыгарган "Кыргызэлектродвигатель" заводу

13 / 15

Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан өндүрүм. Даяр продукция негизинен экспортко кеткен.

14 / 15

Лампа чыгарган Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу заводу. Ал жактан жыл сайын 300 миллиондой лампа чыккан.

15 / 15

Ишканалар илим-изилдөө борборлору, окумуштуулар менен тыгыз иштешкен. Сүрөттө ата мекендик илимпоздор иштеп чыккан көп функциялуу "Аскатеш" бургулоо агрегаты.

По теме:
Далай сырды, оор күйүттү батырган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр
Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер
Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер