Радио

Чаржайыт бургулоону токтотуу керек. Адис суу таңсыктыгынын себебине токтолду

Улуттук илимдер академиясынын "Суу проблемалары жана гидроэнергетика" институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев өлкөдө жер алдындагы суулар туура эмес пайдаланылып жатканын айтты.
Sputnik
Былтыр Ысык-Көлдө октябрь айынын соңунда суунун деңгээли кескин түрдө азайып кетти. 93 сантиметрге түшкөнүн аныктадык. Ал жаңы жылга жакын гана араң 23-24 сантиметрге көтөрүлдү. Мунун, албетте, башка да себептери болушу мүмкүн, бирок көлдүн айланасына скважиналарды чаржайыт куруп, айыл чарба багытына иштетип жатканыбыз негизги себептеринин бири деп божомолдойбуз. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги суу тартыштыгына да скважиналардын чаржайыт суу сордуруп жатышы себеп болушу ыктымал.
"Биз жер алдындагы сууларды максаттуу колдонбой жатабыз. Бишкектин мисалында айта турган болсок, борбор калаа негизинен эки скважинадан суу алат. Орто-Алыш скважинасы 50 пайыздан ашыгын камсыздайт, Ала-Арчанын 30дай чакан скважиналары калган бөлүгүнө суу жеткирет. Быйыл көйгөй ушул Орто-Алыштан чыкты. 2021-жылы ушул скважинада суунун деңгээли 15 метрге, ал эми 2022-жылы 21 метрге чейин түшүп кеткен. Ошондо биздин окумуштуулар тегерегиндеги суу сордуруп жаткан майда скважиналардын ишин токтотууну же арыктарга суу келбей жаткан учурда соңку 3-4 жыл аралыгы мэрия элге өсүмдүктөрдү ичкен суу менен сугарууга берген уруксатты алып салууну шаар бийлигине сунуштаган элек. Анткени борбордун тегерегиндеги 40тан ашык жаңы конуштардын ар бири огородун ичкен суу менен сугарганда скважинадан чоң көлөмдөгү суу кетип жатпайбы. Шаар бийлигинин тиешелүү кызматтары 10 жыл мурда канча көлөмдө суу берилип келсе, учурда деле ошондой суу келерин айтып жатышат. Демек, биз калктын саны өсүп, жаңы конуштар түшүп, керектөө чоңойгонун эске албай, үнөмдүү колдонбой жаткандыктан таза суу тартыштыгы жаралууда. Бул маселеге олуттуу көңүл бурбасак жылдан-жылга күчөйт", — деди Чонтоев.
Окумуштуу скважиналарды курууга мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдөгөн органдын ишин жандандыруу зарылдыгын кошумчалады.