Элине ак дилинен кызмат кылган. Иманкалыкованын сүрөттө калган ирмемдери

Быйыл белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин чогултту.
Sputnik
Зууракан Иманкалыкова 1923-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң мугалим болуп иштеп, коомдук иштерге активдүү катышкан. Мыкты уюштуруучу 25 жашында Талды-Суу райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалган. Кийин Ысык-Көл облусунун жаштар коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары кызматына барган. Эки жылдан соң катчы, 60-70-жылдары сыйлыктар бөлүмүн жетектеп 25 жылдай өмүрүн кыргыз парламентине арнаган.
Бир нече чакырылыштын депутаты 1971-жылдан тарта мугалимдик кесипти аркалап, Кыргыз улуттук университетинин Тарых кафедрасында, даярдоо бөлүмүндө сабак берип, бир топ кадрларды өстүргөн. Тарых илимдеринин кандидаты жеке жашоосунда жолдошу менен төрт уул-кызды тарбиялап өстүргөн. Мамлекеттик ишмер 2011-жылы 12-июнда 88 жашында дүйнөдөн кайткан.
1 / 16

Зууракан Иманкалыкова 16 жашында эле айылда мугалим болуп иштеп, эмгек жолун баштаган

2 / 16

Айылдагы мектептеги кесиптештери менен. Иманкалыкова үчүнчү катарда так ортодо отурат. Ысык-Көл облусу, 1946-жыл

3 / 16

Иманкалыкова кийин Ысык-Көл облусунун жаштар коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп иштеген

4 / 16

Иманкалыкованы кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири дешкен. Себеби ал элеттен таланттуу жаштарды таап, идиректүүлөрүн окууга жөнөтүп, айрымдарын өз камкордугуна алган. Сүрөттө ал кыргыз элинин каймактары менен

5 / 16

Ал Кыргыз ССРинин үч, СССРдин Жогорку Советинин төрт жолку депутаты болгон

6 / 16

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова, драматург Токтоболот Абдумомунов, коомдук ишмер, котормочу Тургунбек Суванбердиев жана министр Күлүйпа Кондучалова атасы менен

7 / 16

Иманкалыкова Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп жыйырма жылга чукул иштеген

8 / 16

Ата мекендик авиациянын башында турган Ишенбай Абдраимов, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри Сакин Бегматова жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары Зууракан Иманкалыкова

9 / 16

Ысык-Көлдө кайыкта сүзгөн белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева, Зууракан Иманкалыкова замандаштары менен

10 / 16

Кыргыз элинин башында тургандар: солдон оңду көздөй Кадыркул Качкеев, Казы Дыйканбаев, Зууракан Иманкалыкова, Абды Сүйөркулов. Москва шаары, 1955-жыл

11 / 16

Шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөгөн Чыңгыз Айтматов менен Зууракан Иманкалыкова

12 / 16

Солдон оңду көздөй окумуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижёр Асанкан Жумакматов. Фрунзе шаары, 1970-жылдар

13 / 16

Мамлекеттик ишмер белгилүү скульптор Зураб Церетели менен

14 / 16

Иманкалыкова Кыргыз улуттук университетинде чогуу иштеген мугалимдер менен иш маалында

15 / 16

Тарых факультетинде иштеген мугалимдер Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков менен

16 / 16

Иманкалыкова жолдошу экөө төрт уул-кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн

Тема боюнча:
70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери
Энелердин майрамын утурлай. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыктылардын сүрөтү