70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери

Быйыл СССРдин эл артисти, залкар дирижер Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу маэстронун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Асанкан Жумакматов кичинекейинен музыкага жакын өсүп, 17 жашында Фрунзедеги музыкалык драма театрынын урма аспаптар боюнча музыканты болуп ишке алынган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Москвадагы консерваториянын эки жылдык студиясында билим алып, 25 жашында Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижеру болуп иштей баштаган. Кийин Москвадагы консерваторияда беш жыл окуп, аны кызыл диплом менен бүтүргөн. СССРдин эл артисти ондогон жыл ар кыл чыгармачыл жааматтарда башкы дирижёр, көркөм жетекчи, директор кызматтарын аркалап 50дөн ашык опера жана балетти оркестрлештирип атактуу композиторлордун чыгармаларын элге сунуштаган. Ошондой эле симфониялык оркестр түзүп, аны узак убакыт жетектеген. КР Баатыры узак убакыт Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип далай шакирттерди тарбиялай алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.
1 / 19

Асанкан Жумакматов эмгек жолун Фрунзеги музыкалык драма театрдан баштаган

2 / 19

Дирижер 17 жашында фронтко аттанып катуу жарадар болуп келген

3 / 19

Москвадагы консерваториянын алдындагы эки жылдык студияны аяктаган 25 жаштагы жигит борбор калаадагы Опера жана балет театрынын дирижёру болуп дайындалган

4 / 19

Жумакматов Москвада студент болуп жүргөн жылдары СССРдин академиялык театрынын музыкалык жетекчиси, башкы дирижеру болуп иштеп, окууну кызыл диплом менен аяктаган

5 / 19

Кыргыз ССРинин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижёру, көркөм жетекчиси, директору да болуп эмгектенген

6 / 19

Тартипти сүйгөн маэстро кесиптештери, сахналаштары менен

7 / 19

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрлештирип радиого жаздырган.

8 / 19

Окумуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик, коомдук ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижер Асанкан Жумакматов. Фрунзе шаары, 1970-жылдар.

9 / 19

Залкар талант Азербайжан Мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижеру болуп да иштеп калган жайы бар

10 / 19

СССРдин эл артисти Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрининин башкы дирижеру, көркөм жетекчиси

11 / 19

Чыгармачылык менен жашаган дирижер "театр, репетиция, гастроль, үй, кезектеги чыгарманы сахнага даярдоо керек" деп жашаган

12 / 19

Жумакматовдун демилгеси менен 1969-жылы өлкөдө алгачкы симфониялык оркестр иштейт баштаган. Азыр ал оркестр Асанкан Жумакматовдун ысымын алып жүрөт.

13 / 19

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты далай жаштарга жол көрсөтүп, бир топ шакирттерди тарбиялаган

14 / 19

Дирижер ондогон чыгарманы оркестрлештирип сахнага чыгарган. Сүрөттө ал белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен.

15 / 19

Профессор Жумакматов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берген

16 / 19

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты музыкага 70 жыл өмүрүн арнаган

17 / 19

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында оркестрди жетектеген дирижер. Кезинде маэстро республикадагы бир топ маданий иш-чаралардын башында турчу.

18 / 19

КРдин Баатыры байбичеси, кызы жана небереси менен

19 / 19

Кыргыз Республикасынын эл артисти 2008-жылы 21-июлда 85 жаш курагында дүйнө салган

Тема боюнча:
Даректүү тасмаларды мыкты тарткан. Режиссёр Лиля Турусбекованын сүрөттөрү
Согуш маалында көчүрүлгөн элди жайгаштырган Казы Дыйканбаев. Сүрөт түрмөк